Сапардын сапары бүтүп барат…

Жаш өкмөт башчы Сапар Исаковдун ээрден көчүгү тайып, оодарыла турган кези жакындап калгансыды. Бул балага элдин ишениминен мурун өзүн колдоп алып келген КСДПнын депутаттары катуу чабуул коюп, сынды катыра айтып жатканы, Сапардын доору соңуна чыгып баратканынын белгисиби?

Технократ Өкмөттүн ойлогон ою оңунан чыкпай, баары эле жаандан кийинки ылай кирпичтей урап жатат. Алгылыктуу иши менен мактана албай жаткан Өкмөттүн тагдыры чечилип, отставкага кетирүүнү парламент, болгондо дагы КСДП фракциясы колдогону эмнени билдирет?

Апрель айынын ортосунда жаңы Өкмөт куралып, ага белдүү саясатчы, болгондо дагы Атамбаевдин жанында жүрүп, анын саясатына ичи чыкпаган адам келери айтылып жатат. Соке өз алдынча саясат жүргүзсө, жаңы Өкмөт мурунку команданын этегинен чыкса, экстерге эле кыйын болгону туру…

Булак: «Жаңы ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу