Сапаргүл Абдинабиева: «Улан, бүгүн мүмкүн сен күндөгүдөй жумушта болмоксуң…»

Сапаргүл Абдинабиева уулу Белектин төрөлгөнүнө 40 күн толгонун айтып, Уланды жоктоп, эскерүү жазды:

“Бүгүн уулубуздун төрөлгөнүнө 40 күн болду. Ал күн сайын чоңоюп баратат. Сага эки тамчы куюп койгондой. Көздөрүнө карап отуруп, экөөбүздүн бир учурдагы максаттарыбызды бүгүн да эстедим…

Бир күнү мен сага:

-Айрым депутаттар айткандай, өлкөдөгү коррупция менен жалгыз сен гана күрөшпөйсүң, буюрса сага көөп бала төрөп берем, чогуу күрөшөсүңөр,- дегем тамаша-чын аралаш.

А сен ошол күнү көзүң жанып,

— Ошентчи, «ЭГИЗБАЕВДЕР ДИНАСТИЯСЫН» түптөйбүз, ээ? Съездбек байкедей (шахматчы) быжыраган балалуу болгум келет. Түрдүү сферада тарбиялап, чогуу Кыргызстанды гүлдөтөбүз,- дегенсиң.

Бул сыяктуу биздин максаттар өтө кенен эле. Ойлор да башкача таза, кыялдарда укмуштуудай чабыттап турчу. Бирок бул дүйнө сенин жан дүйнөң сыяктуу кенен да, терең да боло албады бизге… Ошентсе да балага каниет.

Өзүң болсоң бүгүн экөөбүз баягыдай, баштагыдай маңдай-тескей отуруп, уулубузду ортого алып куттукташмакпыз. Мүмкүн сен күндөгүдөй жумушта болмоксуң.

Ошондой болсо кана, балам экөөбүз сени өмүр бою күтүүгө даяр элек…”

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу