Сапаргүл Абдинабиева: «Мага ата статусун берчү- баатырым» деген атабыз да бизди карап кубанып жаткандыр…

Чыгаан журналист маркум Уланбек Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева бүгүн ооруканадан чыкты. Уланбек Эгизбаевден калган жалгыз туяк учурда баардык кыргыз элин кубандырып турган учур. Баатырдан калган белегибиз деп Уланбектин уулуна «Белек» деген ысымды ыйгарышты.

Маркумдун жубайы Сапаргүл Абдинабиева баардык жакшы каалоо тилектерди айткан элге ыраазычылык айтып төмөнкү билдирүүнү калтырган:

— Көк-жалдын тукуму аман-эсен жарык дүйнөгө келди. Бизди Улансыз жашоого ыраа көрбөгөн Кудайга шүгүр. Аны жашартып бергендей. Бул кабарды чыдамсыздык менен күткөнүңүздөрдү билем. Ак тилегиңиздер үчүн баарыңыздарга рахмат! Абалыбыз жакшы.

Үчөөбүздүн акыркы бирге түшкөн сүрөтүбүз. Ичтеги балага жомок айтып, «Мага ата статусун берчү- баатырым» деген атабыз да бизди карап кубанып жаткандыр… Ишеничиңди актайм. Башаты ушул болсун.

Булак: NazarNews.kg

Бөлүшүү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу