Санкт-Петербургда жардыруу болду.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында азык-түлүк дүкөнүндөгү жардыруудан он бир киши жараат алды.

“Азаттык” радиосунун орус кызматынын билдиришинче, жараат алгандардын ону ооруканага жаткырылды.

27-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7ге чукул болгон окуяда дүкөндүн ичиндеги кампага коюлган жардыргыч зат жарылган деп болжолдонуп жатат.

Орусиянын Тергөө комитети дүкөндө колго жасалган бомба жардырылды деп билдирип, анын кубаттуулугун тротил эквиваленти менен 200 грамм деп баалады.

Бирок жардыруу боюнча “теракт” катары эмес, “коомго коркунучтуу жол менен эки же андан ашык кишинин өмүрүнө кол салуу” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Булак: «azattyk.org»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу