Сания Шакированын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча сот чечими чыкты

Ысык-Көл райондук соту 13-сентябрда автокырсыктан каза болгон “Дүйнөнүн сулуу айымы” конкурсунун байге ээси Сания Шакированын өлүмү боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык, машиненин айдоочусу Чыңгыз Кондубаев транспорт башкаруу укугунан 3 жылга ажыратылып, 10 жылга камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева «Азаттыкка» билдирди.

Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиеванын моралдык зыянды өндүрүп алуу жарандык доосун судья жарым-жартылай канааттандырып, Кондубаевден 2 млн. сом төлөтүү чечимин кабыл алды.

Шакированын өлүмүн алган жол кырсыгы 2018-жылы 2-июнда Каракол-Чолпон-Ата-Балыкчы автожолунун 52-чакырымында, Чок-Тал айылында болгон. «Равон Нексия» үлгүсүндөгү машине жол четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү тосмону сүзүп, токтогон. Анда Сания Шакирова каза болуп, эки киши жаракат алган.

«Равон Нексия» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык болуп чыккан. Машине Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алганда кырсыкка кабылган.

3-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Айдоочу Кондубаев алгач машине өзүнүн досуна тиешелүү экенин айткан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу