САНЖАР БЕРДИБЕКОВ: «ҮЙ-БҮЛӨМ МЕНЕН ЧОГУУ ЖАШАГАН КҮНДӨРДҮ САГЫНАМ»

 Куудул Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибеков да калың элге таланты менен таанылып калган. Акыркы учурда куудул тууралуу ар кандай сөздөр айтылып эле, өзү көрүнбөйт. Түштүк жергесинде гастролдоп жүргөн Санжар мырзаны кепке тартып, ал тууралуу маалыматтардын чын-бышыгын сурадык.

– Санжар мырза, көрүнбөй кеттиңиз, кайда, эмне менен алек болуп жүрөсүз?

– Мурдагыдай эле чыгармачылык менен алектенип гастролдо, тойлордо жүрөм. Гүлжигит Сатыбеков досум жыл сайын түштүк жергесине келгенде: «Жүр, досум, гастролдоп чер жазып келели», — деп мени ээрчитип алат. Азыр да экөөбүз гастролдо жүрөбүз. Андан сырткары тойлордо ырдайм. Мага тамадалык кылган жакпайт, барып төрт ыр ырдайм да кетип калам. Айтор, чыгармачылык менен мурда кандай иштесем, ошондой эле иштеп атам. Болгону теле-радио, гезиттерге чыкпай калдым. Мага бой көтөрүп кыйын боло бергендер жакпайт. Мага окшоп кечээ эле айылдан келип бүгүн бой көтөрүп, өзгөрүп кеткендерден иренжип калгам. Андайларга чыдабай уруп жиберем же катуу сүйлөп алам. Андыктан башымды оорутпай интервью бербей эле жашайынчы деп калгам.

– Азыр гастролго чыккандар сейрек го, сизге жагабы?

– Биз карапайым элди аралап көнгөнбүз. Эл менен жолугушуп сүйлөшөбүз, ар бир жерде зерикпей 3 сааттан ашык концерт коёбуз. Анан элдин кол чаап, бата берип, ыраазычылык билдиргенинен кубат алабыз. Кудайга шүгүр, кайда барбайлы сыйдын үстүндөбүз. Орозо экенине карабай концертке эл зал толо келип жатат.

– Чыгармачылыктан башка да алектенген иштериңиз барбы?

– Азыр чыгармачылык менен эле алекмин. Бизнес кылуу колумдан келет, бирок кылгым келбейт. Табиятымдан көп жанталашпай, ашыкча нерсени самабай, Кудай берген ырыскымды жеп жүрө берген адаммын. Бул дүйнөдөн бай да, кедей да өтөт, андыктан Кудай берген ырыскыга шүгүр кылып жашаган жакшы болот.

– Эч нерсеге карабай баарын ачык айтып салган сапатыңыз өзүңүзгө зыянын тийгизбейби?

– Зыяны көп эле тийди окшойт. Жанымда жүргөндөргө кемчиликтерин ачык айтып салсам көтөрө алышпайт, айланамдагы адамдар иргелип калды. Эки жүздүү адамдардан алыстай түштүм. Алар менден өзүлөрү эле качып кетишет. Мен бет кап кийип бул сапатымды өзгөртө албайм, кандай жаралдым, ошондой өтөм. Бул атам-энемден берилген сапат болсо керек.

– Атаңыздын атынан ар кандай концерт, сынактарды өткөрчү элеңиз, ал да токтоп калгандай?

– 3-4 жылдан бери ошолордун баарын токтотуп тыныгуу кылдым. Кудай буюрса, алдыга жакшы ниет, жакшы пландар бар. Алдын ала мындай кылам деп айтпай эле коёюн, убагында күбө болосуздар. Атамдын достору Манас Бердибеков атындагы театр ачсак деп калышат, буюрса, ага аракет кылабыз.

– Кезинде Манас Бердибеков ыр жазчу эле, сиз да чиймелеп каласызбы?

– Атамдын жарыкка чыкпай жазылган бойдон калып калган отуздай ыры бар. Ошол ырларды жаздырып ырдап чыгайын деп атам. Буга чейин өзүм Бек Борбиев, Расул Маматкуловдордун ырларын ырдап келдим. Ырас, мен да атамдан өткөн өнөр менен анча-мынча чиймелей коём. Башкалар ыр жазып берип атканда, кошо отуруп ойлорумду айта калам. Учурда Гүлжигит экөөбүз эки ыр жазып атабыз.

– Бир учурда «Бешилик» тобу болуп чыккан жаш жигиттер учурда ордун тапкан бакыйган киши болдуңуздар, катышып турасыздарбы?

– Негизинен ар ким өз оокаты менен болуп кетти. Антсе да мурдагыдай жылуу мамиледебиз. Тынар экөөбүз тууганбыз, кабарлашып турабыз. Талант бизнеске кирип кеткен, ага жолугуп калам. Рысбек агам, Эрнис иним болот, жолуккан жерден баштагыдай эле тамашалашып, каткырып күлүп калабыз. Сагынышсак телефон чалышып тамашалашып ойнойбуз. «Бешилик» тобу болуп турганда баарыбыз 20 жаштын тегерегиндеги балдар элек, ал кезде күндө майрам, күндө той эле. Бизди эл абдан жакшы кабыл алып, ашык болгон кыздар да көп эле.

– Мурда Бишкекте жашачу элеңиз, азыр Ошто жашайт деп угабыз.

– Ошко көчүп кеткениме көп болду. Бирок дайыма Ошто эмесмин, Кыргызстанды кыдырып жүрө берем. Жакында Бишкекке барып, ал жакта болом. Тасмада башкы ролду ойногонго чакырып атышат. Буга чейин 4-5 тасмага чакырышкан, бирок алардын сценарийлери жакпагандыктан баш тартып келгем.

– Жеке жашооңуз тууралуу сурабасам болбойт, жубайыңыз менен эки айрылыш жолго түшкөнүңүз тууралуу айтылган менен өзүңүздүн оозуңуздан уга элекпиз?

– Рахат экөөбүздүн эки айрылыш жолго түшкөнүбүз чын, андан бери арадан 5-6 жыл өттү. Рахат 19, мен 20 жашымда баш кошуп, бирге 15 жыл жашап, эки уулга ата-эне болгонбуз. Күнөө менде, анча-мынча ичип койдум эле. Мындан чоң трагедия деле жок, таарынышып анан алыстап кеттик. Биз чогуу жашап жүргөн күндөрдү азыр деле сагынам, күн сайын түшүмө кирет. Бирок артка жол жок. Улуу балам апасында, кичүүсү менде, Рахат үйдөгүлөр менен катышып турат. Апам да аны жакшы көрүп, ал тууралуу айтып турат. Мен деле адаммын, балдарымды, Рахатты ойлойм, бирок айла жок. Мендеги уулум апамдын колунда, өзүмө окшош. Быйыл 1-класска барат. Ал апасына сагынычын таркатып келүүгө кетип жатат. Ал эми Рахаттагы уулум 8-класста окуп, кол арага жарап калган.

– Андан кийин үйлөнгөнүңүздү айтып калышат?

— Ооба, үйлөндүм, бир жылдан ашык жашап, бир балалуу болгонбуз. Тилекке каршы, бирге боло албадык. Эркерээк кыз алып алгам, жашай албай калдым. Балам Юсуф бир жарым жашта. Мунун баары маңдайга жазылган тагдырым экен.

– Демек, учурда бойдок экенсиз да?

– Учурда бойдокмун, мындан аркы жашоомду тагдыр буйруганына жараша көрөбүз. Азыр мурунку Санжар жок, өзүм менен өзүм болуп жүрө берем. Мурун ичип, тополоң кылып жиберчү элем, эрке да болчумун. Азыр арак ичпей жакшы иштерди жасаганга умтулуп жүргөн кезим. Төрт жылдан кийин үйлөнөм деп калам. Антсем досторум: «Ошентип жатып периштелер бата кылып койсо, төрт жылдан кийин үйлөнүп жүрбө», — деп күлө беришет. Азыр чынында үйлөнүү тууралуу оюмда жок. Чыгармачылык менен иштеп, эки жагымды жыйып алайын.

– Бала үчүн эң көп ойлогон эне эмеспи, апаңыз сизге сарсанаа болуп жүрсө керек?

– Ооба, апам кыйналып жүрөт. Апамды кыйнап койдум. Аягы жакшы болуп кетет деп ойлойм. Апамдын учурда сый көрө турган убагы, балдарынын үйүнө барып неберелерин жыттап отурат.

Динара ЧОКОЕВА

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу