“САНАТ” ЖАШ КОМУЗЧУЛАРДЫН АНСАМБЛИ СОЧИДЕ ГРАН – ПРИГЕ ЭЭ БОЛУШТУ

Сочи шаарында  өткөн “Улук Россия ” фестивалында белгилүү комузчу жана аткаруучу Табани Кожоярова жетектеген “Санат”  жаш комузчулардын ансамбли гран – приге ээ болушту.

Комузда виртуоздук ойноо техникага берилген баа биринчи орунду камсыздады.

“Санат” ансамблинин солисткасы Бурханбай кызы Аделя комуз чертип ырдоодо номинациясында да биринчи орунга татыктуу болду.

Аталган ансамблдин көркөм жетекчиси Табани Кожоярова жогорку деңгээлдеги педогогикалык чеберерчилиги үчүн гран-при диплому менен сыйланды.

Эл аралык сынактын жыйынтыгы менен жаш комузчулардын аталган чакан тобу эми  Санкт Петербург шаарында өтө турган  “Сияние звёзд” 13- конкурс фестивалына чакыруу алды. Кыргыз элинин аброюн арттып, туубузду бийик желбиретип,  улуттун намысын коргогон жаш таланттарды жеңиши менен куттуктайбыз!

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу