Санаага сала турган сезимдер…

Биз канчалык өзүбүздү бактылуу сезсек деле, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө бирдеме тургандай сезиле берет. Ал сезим көп узабай коркуу сезимине айланмакчы.

Жалгыздык сезими

Жашоодо өзүн жалгыз сезүү-бул жалкоолуктун белгиси. Анткени, адам жалгыз жатып эчтеке кылгысы келбейт. Жалгыздык-бул убактылуу гана сезим. Себеби, сизге окшогон адамдар айланаңызда көп. Мындай сезимге кабылган учурда, андан тезирээк арылууга аракеттениңиз.

Өзүн башкаларга ар дайым карыз сезүү сезими

Сиз бирөөгө бирдеке жасоого милдетүү жана көз каранды эмессиңиз. Өз эркиндигиңизге чек койбоңуз. Башкысы кубанычтуу жолду таба билиңиз.

Күтүү сезими

Күтө берип күнүңүздү жөнү-жок өткөрбөңүз. Андан көрө план түзүп, максаттарды ишке ашырууга умтулуңуз.

Коркунуч сезими

Коркунуч сезимди башкаларга билдирүү туура эмес. Бир жумушту баштоодо аны тобокелге салып баштай бериңиз. Коркоктук-жалкоолуктун бир түрү.

Капалануу сезими

Эч кимге эч убакта капаланбаңыз. Анткени, башкалар сиздин капаланып, маанайыңыз жок экендигин билип, сизди кайра-кайра капа кылууга тырыша бермекчи.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу