Санаага батканды токтотуу убакыты келди!

Башыңызга түшкөн түйшүктү көтөрө албай, күндөн-күнгө кыйналып жатсаңыз. Аны ойлонуп, санаага бата берүүдөн арылуунун убактысы келди. Анткени, адамдын жүрөк булчуңдары абдан сезимтал келет. Сиз санаага батып олтуруп, өзүңүздүн ден соолугуңузга зыян алып келип алышыңыз мүмкүн.

Жашоодо кыйынчылыктарды көтөрө албай, ичкиликке берилип, өз-өзүнө кол салгандар арбын…

Ал ортодо америкалык окумуштуулар. Аялдардын 70 пайызы санаага батканын, зыяндуу заттар аркылуу жеңе ала тургандыгын аныктаган. Энергетикалык суусундуктарды үзгүлтүксүз ичүү, айланадагы адамдар менен урушуу, ичимдик ичүү жана тамеки тартуу сыяктуу өмүргө зыян алып келе турган адаттардан оолак болуңуз…

Бардык нерсе өтүп кеткен сыяктуу, бул дагы өтөт. Эң алгач өзүңүзгө-өзүңүз ишениңиз. Шашылыш чечим кабыл алуудан алыс болуңуз.

“Мен мыктымын”, “Бардыгы жакшы болот” деген сөздөрдү кайталай бериңиз.

Өзүңүзгө дем алуу жарыялаңыз!

Мээңизди эс алдырып, мурда барбаган жерлерге барып эс алып келиңиз.

Убагында тамактаныңыз!

Табитим болбой жатат деп, тамак жебей үйдө олтуруп албаңыз. Анын ордуна мурда жасалбай калган, даамдуу тамак-аштарды бышырып жегениңиз дурус. Себеби, ден соолуңузду бир бузуп алсаңыз, аны миллиондогон акча менен дагы калыбына келтире албайсыз.

Санаага батканды убакыт дарылайт!

Ал үчүн бош олтурбаңыз. Өзүңүзгө жаккан жумуш менен алкетениңиз.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу