«Самозванец» Атамбаев: өз оозунан чыккан сөз өз башына муш болгондо

Эсибизде бар да, анда А. Атамбаевдин президенттин доору жүрүп турган убак. Анан 31-августь Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салтанатта, борбордук аянтта туруп ал экс-президент Роза Отунбаеваны «самозванка» атаган. Мына эми өзү туура 31-числодо (31-мартта) 2018-жылы «Самозванец» аталды.

Кантип дейсизби? Дал ушул күнү ал КСДП партиясынын курултайын өткөрөм деп туруп, жөн гана тар курамдагы партиянын жыйынын өткөрүп, анда өзүн лидер катары шайлатып алды. Партиянын курултайы деген ачык-айкын, бардык аймактардан келген делегаттардын катышуусунда өтүшү керек эле. Тилекке каршы, андай болбоду.

Биринчиден, бул партиянын курултайына Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын он чакты депутаты катышкан жок. Мисалы, А. Жээнбеков, Т. Зулпукаров, А. Касымалиева, Ж. Акаев, А. Нурбаев, К. Рыспаев, И. Матаримов жана башкалар. Экинчиден, курултайга катышат элек деп өлкөбүздүн алыскы аймактарынан келген айрым делегаттар «Силер тизмеде жок экенсиңер» деген жоопту угушуп, жыйынга киргизилишкен эмес. Үчүнчүдөн, жыйын болуп аткан учурда «каршылык көрсөтүү» катары 15 чакты делегаттар да чыгып кетишкендиги билинди. Мына ушул процесстердин баардыгын жаап-жашыруу үчүн КСДП курултайын өткөрүүнү уюштуруучулар журналисттерди да киргизген жок.

Ошондо А. Атамбаевдин партия лидерлигине тар курамда гана, жалаң өзүнүн кошоматчыларынын добушу менен шайланып алганы мыйзамдуубу? Эмнеге партиянын белдүү өкүлдөрүн атайын чакырышпайт? Эмнеге алыстан келген делегаттарды катыштырышпайт? Ошондо Атамбаев үчүн жалаң гана көзүнүн кареги менен тең айланып тура турган кошоматчылар керек болгон болобу? Ошентип жалпы партиялаштарды эмес, өзүнө жаккандарды гана топтоп алып, курултайдын жүрүшү кандай болгонун да жаап-жашыруу аркылуу партия лидери болуп алган А. Атамбаев «самозванец» болбой эмне болду? Анда эмес, төрагалык ордуңуз кут болсун, «самозванец» Атамбаев!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу