Самара Каримова өзүнүн атын эми бильярд клубуна койдубу?

Белгилүү ырчы Самара Каримованын жолдошу Асан Мансуров келинчегинин ысымынан “Самара”аттуу чайкана ачып бергени белгилүү.

Самара айымдын чыгармачылыгына чоң салым кошуп, ырчынын атын чыгарып, коомчулукка таанытканы да жолдошу Асан Мансуровдун салымы экени айтпаса да белгилүү.

“Самара” чайканасында “Самара” тамагы да даярдалганы коомчулукта талкуу жараткан.

Ал эми кечээ жакында эле фейсбук колдонууулардын бири “27-апрель Ош шаарында Асан Элчиевич баарыңыздарды бильярд сүйүүчүлөрдү чакырат” деген жарнак пайда болуп,аны ырчы Самара Каримова бөлүшкөн.

Бул жарнакта да “Бильярдный клуб Самара” деген жазууну окуса болот. Жубайын дайыма колдоого алган Асан мырзаны алкагандар да арбын.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу