Самара Каримова: «Эркек болуп туруп деле майдалана берет экенсиз да…»

Ырчы Самара Каримова жаңы жылга алгачкы кадамдарын 15 күндүк концерти менен баштады. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн жеке баракчасына төмөндөгүчө жазып чыккан: «Бүгүн ярварь айындагы эң акыркы концерт, 15-концерт. Эң кызыктуу, эң соонун жыйынтыктоочу концерттен көрүшкөнчө”-дейт ырчы  Самара.  Анда,  ырчы айымдын жазылуучулары  өздөрүнүн түрдүү пикирлери калтырышууда. Андан сырткары сын жазгандардын арасында, интернет колдонуучуларынын бири Рустам Анарбаевич:

“Былтыр ошто Тынар экөөбүз концерт коёбуз десек Ошто, театр бош эмес Самара 15 күндөн бери концерт коюп жатат деген эле. Быйыл да башка артисте жинденип жүрөбү деймда” –деп жазган. Бул пикирге ырчы айым: “Драм театр, Филармония, Бабур театры, бош эле турат. Өзүбүз ремонт кылган 850 орундук Кыргызстан кинотеатрында койдук. Эркек болуп туруп деле майдалана берет экенсизда” –деп  жообун берген.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу