Самара Каримова, ырчы: «Киного сунуш болгондо, биринчи жолдошумдун уруксатын алдым…»

Бул убакка чейин киного тартылуу тууралуу сунуштар түшүп келген. Тилекке каршы жеке чыгармачылыгым, үй- бүлөм менен бошобой баш тартчумун. Кудай насип кылган экен, болгондо да 25 сериялуу тасмада башкы каармандын ролун ойнодум. Мага режиссёр Ырыс Окенова телефон чалып сунуштаганда «жолдошумдан уруксат сурайын, ал киши эмне десе ошондой болот» дегем. Жолдошум толук маалымат алып, сценарийин окуп чыгып уруксат берди. Өзүм КР Эл артисттери Гулайым Каниметова жана Мелис Шаршенбаевдин окуучусумун. Оштогу Улуттук драма театрында актриса болуп иштегениме беш жылдан өттү. Ал жакта роль жаратып жүргөнүм үчүн бул тасмага тартылуу кыйын болгон жок. Ар бир күнүбүз өзгөчө болду. Бир жолу түндө съемка болуп, кош бойлуу кезимди аткарып жаткам. Бир убакта режиссёр келип «ичиңдегини ал» деп калды. Эмне болгонуна түшүнбөй алып туруп калсам, светтер өчүп, жардыргычтар атылып, торт менен келип калышты. Көрсө, саат 12 болуп, менин туулган күнүм болуп калыптыр…

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу