Самара КАРИМОВА: «Хит болгон ырларымдын баарын жолдошум тандап берген»

Учурда кимдин кайда жүргөнү тууралуу толук маалыматты алардын социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу эле билип алса болот. Аалам төрдү кеңири колдонгон ырчылардын арасынан жаңылыктарга байы — Самара Каримова. Күн сайын тойлордо кызмат кылып: бир күнү карасаң Орусияда болсо, бир күнү Бишкекте. Акыркы жолу Өзбекстан, Тажикстанды кыдырып, чыгармачылык сапардан жаны тынбаган ырчы менен маек курдук.

– Самара, Өзбекстан жана Тажикстанга барып келиптирсиң, сапарыңар кандай болду?

– Аталган эки өлкө менен биздин өлкөнүн алакалары жакшы болуп, анын негизинде иш сапары менен бардык. Оштун мэри баштаган 60тан ашык адам, 7-8 маданият кызматкерлери бардык эле, жылуу кабыл алышты. Бул убакка чейин да вице-премьер-министр менен барып келгем, андыктан Өзбекстанга экинчи жолу барышым болду. Ырдап талантымды тартууладым, абдан баалашты. Мени Өзбекстанда тааныбайт болушу керек деп ойлогом, таанышат экен. Ал жакта кыргыздар көп турбайбы. «Каримов тирүү болгондо келсең, мындан да жакшы болмок, фамилияларыңар окшош экен», — дешип тамашалап калышты. Буюрса, Өзбекстанда концертимди өткөрүп беребиз дешти. Кыскасы, аталган эки өлкөгө жол ачылды. Дароо эле тойго чакыруу болуп, Тажикстанга тойго да барып келдим.

– Сүрөттөрүңө караганда Кыргызстанда деле күндө тойго барат окшойсуң?

– Элде жакшылык эле боло берсин, ооба, тойлорго чакыруу арбын болуп жатат. Өзүм түзгөн «Самара» театрында отуздай адам тойлорго барып кызмат кылабыз, алардын ичинде: бийчи, Умай эне, музыкант, кыскасы, тойго керек болгон кызматтардын баары бар. Кызмат акыбыз да ошого жараша коюлган, чыгармачылыгыбызды баалагандар чакырышат.

– Спектаклде да башкы каармандын ролун жаратып атыптырсың.

– Ооба, Султан Раевдин «Илегилек» деген сонун чыгармасын даярдап алып чыктык. Мен башкы ролдогу Жанаранын образын жаратам. Психологиялык оор чыгарма. Чоң ата менен небере болуп эки эле каарман ойнойт. Чоң ата дудук болгондуктан, бир саат жыйырма мүнөт жалаң гана өзүм сүйлөп, ыйлап, күлүп, түрдүү образдарды жаратам. Андыктан мага бул спектаклде роль ойноо абдан кыйын болду. Үй-бүлө, тойлор, эки жакка чакыруулар, спектаклге даярдык болуп атып, бутумду тарта албай чарчаган күндөрүм болуп жатты. Кечээ жабык көрсөтүү болду. Көргөндөр жылуу пикирлерин айтышса, эмгегим текке кетпептир деп кубандым. Буюрса, сентябрь айында элге тартуулайбыз. Спектаклдер канча эмгек менен коюлганына карабай элге тарабай калат эмеспи, биз бул спектаклди жайылтууну ойлонуп атабыз.

– Актриса катары да өзүңдү көрсөтө баштаган экенсиң да?

– Мен КРнын Эл артисттери Гүлайым Каниметова, Мелис Шаршенбаевдердин окуучусумун. Өзүм бул жаатта билим алгам, тилекке каршы, окуумду бүтпөй калып, Оштон быйыл бүттүм. Учурда Ош улуттук драма театрында актриса болуп иштеп атам. Мага киного тартылуу боюнча да сунуштар абдан көп болот. Бирок ал үчүн айлап жүрүш керек эмеспи. Менде андай мүмкүнчүлүк жок болчу. Эми балдарым чоңоюп калды, жакшы кинолор болсо роль жаратып калышым мүмкүн. Азыр «Менин атам — эң жакшы адам» деген клипти тартууга даярданып атам. Атам быйыл 70 жашка чыкмак, ден соолугунда көйгөй болуп ооруп жүрөт. Ушундай учурда атама арнап ыр жазып, клипке тартып дем күч берип коёюн деп атам. Атамды мурда да «Сагынганда атамды» деген ырымдын клибине тартпадым беле, бул клипке да тартайын десем: «Кызым, сен мени актёр кылып бүттүң», — деп күлүп калат. Атам инсульт алганына байланыштуу көп кыймылдай албайт, клипке олтуруп эле түшөт. Ошол деле бизге чоң дем берет. Ата-энелер ден соолукта болсунчу. Апам болсо — менин балдарымдын эң сүйүктүү таенеси.

– Балдарыңды дале таенеси карап атабы?

– Ооба, апам балдарды абдан жакшы, менин оюмдагыдай карайт. Балдарым да таенесине жакын. Бала деген билинбей эле чоңоё берет экен. Барсбек быйыл даярдоо курсуна барат. Кийинкилерим Даткайым төрт жашка, Алихан 2 жарым жашка чыгып калды. Бир жактан келсем, үчөө чуркап чыгып тосуп алышып:«Каякта жүрөсүң, сенде үй барбы? Биз сени сагындык», — деп урушушат. Урушканга жарап калгандарына сүйүнөм. Апам: «Сен телевизордон ырдап калсаң, «ээ, Самара Каримова, үйгө кел» деп кыйкырышат», — дейт. Жумушума байланыштуу эки жакта көп жүрүп, балдарымды сагындырып койгонума ичим ачышып калат. Ушундан улам кээде той, бардык чакыруулардан баш тартып, балдарым менен эс алам.

– Байкашымча, жакшы эле иштеп атасың, үй-жайлуусуң дегендей, тапкан акчаңды эмнеге жумшайсың?

– Көптөр «акчаны жердин алдын казып, бекитип жатат окшойсуң» деп калышат (күлүп). Кудайга шүгүр, үстүбүздө үйүбүз бар, курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн. Жараткан берген ырыскыбызды терип жеп атабыз. Ар бир концерт койгон сайын билеттерден түшкөн акчанын кайсы бир бөлүгүн кайрымдуулук иштерге жумшайм. Өзүм да жетим балдар үйүнө барып концерт коюп турам. Ал эми чыгармачылыгыма тапканымдан эки эсе көп кетет. Мисалы, эң арзан деген көйнөгүм 700-800 доллар. Көбүнчө Кыргызстандагы эң мыкты дизайнер Дилбар Ашимбаевадан кийинем. Кечээ жакында 3 миң долларга костюм тиктирдим. Ал атайын мага арналып тигилген костюм.

– Бир костюмуң эле 3 миң доллар болуп атса, жолдошуң сени жакшы эле эркелетет экен. Негизи сенин бардык ойлоруңа макул болобу?

– Үй-бүлөбүздө финансы жагын толугу менен жолдошум чечет. Ал эмне десе мен макул болуп баш ийем. Ойлорубузду ортого салабыз да, “кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей кеңешип чечебиз. Жолдошум чыгармачылыкты эң жакшы түшүнгөндүктөн, ал өзү мага эксклюзивдүү костюмдарды кийгизгенди каалайт. «Сеники өзгөчө болсун, сен кийгенди башкалар кийбесин», — деп өзү сунуштап турат.

– Сени жолдошуңдун колдоосу менен популярдуу болду дешет, атыңдын таанылганына жолдошуңдун канчалык деңгээлде салымы бар деп эсептейсиң?

– Мен ушул деңгээлге жетип, атымдын кыргыз элине таанылышына жолдошумдун салымы жүз пайыздан да ашык деп айта алам. Мага кеңеш берип, жетишпеген жагым болсо толуктап, мен жалкоолонсом: “Иште”, — деп түртүп турат. Ырга болгон табити да мыкты. Менин хит болгон ырларымдын баарын жолдошум тандап берген. Кудайга шүгүр, жакшы адам менен баш кошуптурмун. Жолдошум чыгармачылыгымдагы колдоочум эле эмес, үй-бүлөдө эң мыкты ата, эң жакшы жолдош. Кыскасы, Кудай бизге баарын ылайыктап бериптир, ошон үчүн ийгиликтер жаралып жатат.

– Кечинде тойлорго барганда жалгыз кантип жиберет?

– Тойго барганымда жанымда дайыма ишеничтүү адамдар болот. Иним, кайнилерим, эжем, кайын сиңдилерим же жолдошум өзү болот. Кыскасы, дайыма жанымда колдоочуларым бар. Алар сумкаларымды көтөрүп, музыкамды коюп жардам берип турушат. Жолдошум коопсуздугумду камсыздап койгон, андыктан коркунуч жок. Өзүм да түз барып, түз келем. Ар бир үйдөгүдөй биздин үйдө деле кызганыч болот, бирок түшүнүү менен карайбыз.

– Жакында сени Сулайман-Тоо музейине директор болуп дайындалды деген маалымат тарады эле, кайра эмнеге баш тартың?

– Ал тууралуу сөз козгоону каалабай турам. Мага ишеним көрсөткөн музейдин кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Мен азыр жашмын, келечегим алдыда, буюрса, кийин ар тараптуу айым болом деп ойлойм.

Динара ЧОКОЕВА

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу