Самара Каримова: «Крышабыз тайып калды…»

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова Өзбекстанда конокто досторунун сыйын көрүп жүргөнүн маалымдады. Эң эле жаман жери күндүн ысыгы болгонун эскертти.

“Бүгүнкү Өзбекстандын ысыгы ай. Крышабыз тайып калды. Ысыкка ээрип калдык. Өзүм аппак элем, көлөкөгө жашынсам да күйдүм го чиркин. 55 градустан өйдө дешти. Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам”,-дейт ырчы.

Эскерте кетсек, 25-июнь күнү Самара Каримова Өзбекстандын Ташкент шаарында өзүнүн алгачкы жеке концертин ийгиликтүү өткөрүп алды. Учурда чыгармачылыктын үстүндө талбай эмгектенүүдө.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу