Самара Каримова кайын энесин көрсөттү. Ырчы: «Концерттер бүтүп ажы апама жаңы жылдык белегим эми тийди…»

Ырчы Самара Каримова өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасынан кайын энесине жаңы жылдык белегин эми берип жатканын жазып чыкты.

Ал постко кайын энеси жана абысыны менен түшкөн сүрөтүн жүктөп:

«Ажы апаке өмүрүңүз узун болсун! Жаны жылга белегим эми тийди сизге. Концерттерди ийгиликтүү өткөрүп, эс алып сюрприз жасадык. Жалаң жакшы күндөргө кийиңиз. Төрүбүздүн көркү болуп, ак бата берип жүрө бериңиз. Келин болуп келген күндөн бери сизден көп нерсе үйрөндүм. Өз кызыңыздай балдарыныздын катарына кошуп алганыңызга ыраазымын. Кудай буйруса уулдарым чоңоюп келин алсак менда өзүңүздөй кайнене боломун. Насааттарыныз үчүн чоң рахмат! Норка шуба ажы апама абдан жакты. 4 келинбиз, бул тараптагы татынакай , 6 баланын апакеси Дилфуза абысыным. Чыгармачылыгымды колдоп сүрөгөн кайын журтума чоң рахмат. Кайын журтум менен сыймыктанам!» -деп баяндама жазды.

Ырчынын жеке жашоосу ансыз деле катуу талкууга алынгандыктан терс пикирлерден алыс болоюн дедиби айтор белгисиз себептерден улам пикир калтыруу бөлүмүн өчүрүп койду.

Эске салсак, Самара Каримова жаңы жылдан кийин элге Ош шаарында 15 күндүк концертин тартуулаган. 

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу