Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаеваларга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 30-августта кол койгон.

Жарлыкка ылайык эстрада ырчылары Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаевага, Улуттук филармониянын алдындагы «Эл шайырлары» фольклордук тобунун артисти Анапия Райымбековага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды.

Ошондой эле бул наам «Учур» театрынын актёру Чыңгыз Мамаев, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын артисттери Нурматбек Полотов, Тилек Найманбаев, Елена Овчинниковага, Бишкек мэриясынын алдындагы «Доор» этно-фольклордук тобунун солисти Каныкей Раймалиевага ыйгарылды.

Сүрөтчү-живописчи, Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт улуттук академиясынын станок живописи кафедрасынын башчысы Сүйүтбек Төрөбековго “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” ардак наамы берилди.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен сыйлангандар:

Назира Аалы кызы — Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият, тарых, тил” каналынын продюсери;

Эркинбек Болжуров — Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин фотографы; Алмагүл Бөлөкова — Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү;

Роза Жангарачева — “KORU” балдар студиясынын живопись жана сүрөт боюнча окутуучусу;

Берат Касмахунов — Чжэн Хэ атындагы Эл аралык маданий интеграция фондунун Башкармасынын төрагасы;

Кубандык Өмүров — А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын көркөм коюу бөлүмүнүн башчысы;

Чолпон Орозобекова — журналист, Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелер боюнча талдоочу;

Владимир Пирогов — “Вечерний Бишкек” гезитинин фотокабарчысы;

Кубанычбек Таабалдиев — “Кабар” кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинин директору;

Инабат Усубалиева — Бишкек шаарынын №13-мектеп-лицейинин комузчулар ийриминин жетекчиси.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу