Саманчынын жолунан миң эсе жарык галактика табылды

Испан окумуштуулары саманчынын жолу галактикасынан миң эсе жана андан он миллиард жарык жыл аралыкта орун алган галактиканы табышты. Изилдөөнүн натыйжасы “Astrophysical Journal Letters” журналына жарыяланды.

“WISE J132934 + 224327.3” деп аталган галактика гравитациялык линзанын жардамы менен ачылды.

«Телескоптун ролун аткарган гравитациялык линза аркылуу галактика бизге 11 эсе жарык жана чоң болуп көрүнөт. Эйнштейндин шакегиндеги сүрөттө ал кластердин тыгыз бөлүгүнүн айланасындагы бир нече буурчак түрүндө кездешет», — дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Анастасио Диас-Санчес.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, галактиканын жарыкырап турушу, андагы жылдыздардын пайда болуу ылдамдыгынын өтө жогору экенин (жылына 500-ден 2000 күн массасына чейин) көрсөтөт. Адистер эми жаңы галактиканын молекулалык курамын изилдешет.

Эйнштейн шакеги деп линзанын ролун аткаруучу массивдин түрүн, электромагниттин нурларынын багытын өзгөрткөн кезде пайда болгон оптикалык кубулушту айтышат.

Булак: Заман.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу