САЛЯНОВА: “ӨЛСӨМ ДООМ ЖОК” ДЕГЕНДЕЙ ТИЛ КАТТАРДЫ ЖАЗДЫРЫП АЛЫШЫПТЫР”

Элдерден жазуу түрүндө тил кат алыныптыр. Өлсөм доом жок деген сыяктуу экен. Бул тууралуу депутат Аида Салянова ЖКнын жыйынында билдирди.

Айтымында, бул мамлекеттин алсыздыгынан кабар берет.

“Тил кат алуу менен чектелип калгансыңар. Бул туура эмес. Чара көрө албаган болсоңор мамлекет эч бир жумуш аткарбагандыгы тууралуу кабар берет. 200 миң сом бердик дедиңер, аны алгандан кийин көзөмөлдөш керек эле. Үй салып жатышабы карап туруш керек эле. Шарты жок жерден жер тилкеси берилди деген маалымат көп”,-деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү мыйзамсыз салынган үйлөр элдин санынан чыгарылгандай элес калтырганын айтты.

“Алар элдин санына кирбегендей болуп турат, анткени алар боюнча иштер жүргүзүлбөгөн. Дагы кырсык болсо алар мыйзамсыз үй салып алган демексиңер. Алар менен өзүнчө иш алып барыш керек болчу. “Көч деп айтканбыз” дегенден башка эч нерсе уккан жокпуз. Алгач элге шарт түзүп берүү керек. Ошондо бардык чаралар колдонулуп, адамдар көчпөй койду десеңер жарашмак”,-деди ал.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу