Салянова кайрадан маалымат горизонтунда пайда болду

Аида Салянова юстиция министри болуп турган кезинде Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген кине менен аны 5 жылга эркинен ажыраткан. Ал өкүм Саляноваиын кызы 14 жашка чыкканда күчүнө кирет делген. Анан өлкөгө жаңы бийлик келип, Аида Жеңишбековна да жаңы үмүттөр менен ал иш боюнча Жогорку Сотко кайрылып, бирок жаңы бийликтин доорундагы Жогорку сот да Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун өкүмдөрүн күчүндө калтырган. Ошондо, 2018-жылдын 22-майындагы Жогорку соттун ошол өкүмү чыккандан кийин жаңы келген бийликке нааразы болгондой элес калтырган Салянова саясий горизонттон да, маалымат айдыңынан да көрүнбөй кеткен. Андан кийин «Аида Салянова менен инновациялык долбоор» атуу жеке юридикалык акысыз кызмат көрсөтүү курсун ачып кеткенин бир укканбыз. Ал курстук окуунун мааниси мамлекеттик жана муниципиалдык кызматка багыт алган жана карьералык өсүүгө умтулган мекендештерибиз үчүн уюштурулганы айтылган. Айтмакчы, ошондой эле жаңы жылдын алдында болуп өткөн Текебаевдин айланасында болгон «оюндарда» да анын караанын көрө алган эмес элек. Кечээ жакында, (ушул эле жумада) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова кайрадан массалык маалымат айдыңында пайда болду. Анда, А. Салянова «5-каналдын» КЭПх аттуу көрсөтүүсүнө чыгып, экрандан өзүнүн курстук окуусун окуп жаткандай элес жаратып, андагы айтылган сөздөрүндө саясий лидер тууралуу ойго басым жасап «Лидер болуу бул кызмат эмес. Лидер болуп адам төрөлбөйт. Лидерлерди чөйрө, шарт, түзүлгөн жагдайлар тарбиялайт. Бирок эң негизги тарбиячы алар өзүлөрү!» деген оюн айтып, лидер деген лидердей болуш керек, жөндөмү жетишпесе дүйнөлүк саясий лидерлердин өмүр таржымалын окуп, ошондой улуу мамлекеттик ишмерлердин турмушунан үлгү алуусу зарыл деген маанайдагы пикирин да айтып өттү. Андагы айтылган ойлордун түпкүлүгүндө мурдагы Башкы прокурор, экс-депутат кимдир бирөөгө, кайсы бир саясатчыга «нааразы» болуп, же кимдир бирөөнүн айынан адашып калган сыяктуу ой жараткандай туюм калтырды. Анткени менен кыраан юрист айым көп кырдуу ошол ойлору менен кимдир бирөөнү катуу чымчып кеткени ачык эле байкалды. Чын эле Салянова ал ойлору менен кимди «жөөлөп» кетти экен, ия?

Булак: «Айгай-пресс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу