Салянова: Инимдин өлүмү саясий буюртма болушу мүмкүн

Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму 20-сентябрда башталмай болду. Бүгүнкүгө белгиленген отурум айыпталуучу тарап сотко келбей калганына байланыштуу өткөн жок.

Мурдагы башкы прокурор жана парламент депутаты Аида Салянова материалдар менен таанышып чыгып, бир тууган инисинин өлүмү саясий буюртма болушу мүмкүн деген тыянакка келгенин айтты.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо. Жабыркаган тарап катары Аида Салянова өзү жана келини катышууда. Алардын жактоочусу — адвокат Рабига Сыдыкова болот.

Милиция кылмышка шектүү катары үч жарандын атын атоодо. Алардын экөө кармалып, бирине издөө жарыяланган.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козголгон.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы окуяны Аида Салянованын ошол кездеги оппозициялык саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Милиция кылмышта эч кандай саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун билдирген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу