САЛЯНОВАНЫН ИШИ ЛЕНИН РАЙОНДУК СОТУНА ЖИБЕРИЛДИ

Бүгүн, 29-майда “Ата Мекен” фракциясынын  депутаты Аида Саляновага байланыштуу соттук отурум болду. Анын жүрүшүндө Салянованын жактоочусу соттук иш мыйзамга ылайык Ленин райондук сотунда каралуусу керектигин билдирип, сот отурумун Ленин райондук сотунда өткөрүү өтүнүчүн келтирди.

Судья Мирлан Термечиков чечим кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды.

Буга чейин эл өкүлүнө байланышкан соттук отурум Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан болчу.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал “юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан” деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.

Өз кезегинде Аида Салянова күнөөсүз экенин айтып келет.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу