Салянованын иши жогорку сотто каралат

Бийлик алмашкандан кийин «Ата Мекен» жанданды. Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду колдоп, учурдагы президентке каршы чыгып жүргөндөр, бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбековдун обонун созсо, көргөндөр жакасын кармайт. Мындай жыландай терисин алмаштырган позицияга өтүүгө экс-президент Алмазбек Атамбаев менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун мамилесинин суушу таасир берип жатканын баары көрүп-билип турушат.

«Ата Мекен» партиясынын кылмыш иши козголуп сотголгон үлкөндөрү президент Жээнбековду колдогон болушуп, саясый кырдаалдан пайдаланып өздөрүнүн кылмыштарын кыскартып же акталып чыгуунун амалын көрүшүүдө. Маселен, акыркы тапта камакта жактан Өмүрбек Текебаевди чыгаруу аракети көрүлүүдө. Ошондой эле Аида Салянова кайрылып, соттолгонун жокко чыгартып, акталууга далалат жасап жатат. Дал ушундай көрүнүш Алмамбет Шыкмаматовдо да бар. Кыскасы, президентти өз кызыкчылыктарына пайдаланууга болгон күчтөрүн жумшашып жатышат…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу