САЛЯНОВАНЫН ИШИН СОТТОР ЧАГЫЛГАНДАЙ ТЕЗДИК МЕНЕН КАРАП ЖАТЫШАТ. ЭМНЕГЕ?

Ленин райондук сотунун судьялары чагылгандай тездик менен иштеп башташыптыр. Дегенибиз 29-майда саат 15:00дө Биринчи Май райондук соту Аида Салянованын ишин Ленин райондук сотуна өткөрүү чечимин чыгарары менен бир күн өтпөй Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков соттук отурумду 9-июнга саат 10:00гө дайындаптыр. Бул тууралуу Салянованын жактоочусу Улан Жумаков жазып чыкты.

Жумаков Биринчи Май райондук сотунун токтому күчүнө кирчү 10 күн эмне болгонун, балким башкы прокуратура бул токтом менен макул эмес болуп, арыз жазмак деп айран таң калып турган кези.

Ал эми судьянын чагылгандай тездик менен иштеп, түнү менен отурса дагы 7 томдук иш менен бир түндө таанышып чыга аларына күмөнүбүз бар. Бул жоруктар жогорку соттор жогорку жактын буйругун аткарып жатышканынан кабар берет.

Салянованын ишин караган судья соттук отурумду эмнеге шашылыш белгилегени азырынча табышмак бойдон калууда, же алдыдагы шайлоо процесстерине чейин ишти эптеп “гүм-жам” кылалы деп жатышабы, айтоор бул жагы түшүнүксүз.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу