Саляновага 8 жыл! Эмне айыбы үчүн?

Мурдагы Башкы прокурор, учурдагы депутат Аида Салянова 2013-жылы Юстиция министри болуп иштеп турганда Максим Бакиевдин тарапташы Елисеевге адвокаттык лицензиясын узартып берген жана ал иште шалаакылык кылган деген кине менен соттолуп жатат.

Кечээ, 20-сентябрда прокурор Жогорку Кенештин депутаты Аида Салянованы 8 жыл эркинен ажыратууну жана үй мүлкүн конфискациялоону соттон суранды. Ошол маалда “20 жыл дебейсиңби, эй бети жок! Бетсиз! Эшшек десе! Темселеп талаада жүрдүң эле го сен!”- деген кемсинтүүгө жык толгон нааразы үндөр жаады залдан. Андан соӊ, Салянованын жактоочулары жарыш сөзгө даярданыш үчүн соттон бир жума суранды, бирок сот Кубанычбек Касымбеков алардын өтүнүчүн четке кагып, эки эле күн убакыт берди. Салянованын жактоочуларынын айтуусу боюнча кылмыш иши мыйзамсыз козголгон. Бул окуя боюнча депутат Каныбек Иманалиев “Аида Саляновага эч негизи жок туруп прокурор 8 жыл сураганы – бул Кыргызстандагы укук коргоо, сот системасынын адилетсиздигинин айныксыз далили. Негизги гана үч мисалды келтиреличи:

1. А.Салянова тарабынан кайсы мыйзам бузулду? – Эч бир.

2. Ким зыян тартты? – эч ким.

3. Эмне зыян келди? – эч кандай. Анда, урматтуу прокурор, силерде логика, билим, мыйзамдуулук, уят-сыйыт, абийир дегенден бирдеме барбы?”,- деп жаны кашайган билдирүүсүн социалдык тармакка жазып чыкты. Деги кайда бара жатабыз? Же сот прокуратура тармагы билгенин кылып, бирок анысы үчүн эл алдында абийир, Кудай алдында да жооп беришпейби?

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу