САЛЯНОВАГА КАРШЫ “Б” ПЛАНЫ ДА КЫЙРАЙБЫ?

Аида Саляновага каршы Елисеевге байланышкан кылмыш иши бийлик ойлогондой багытта ишке ашпай, чындык чыркырап ачыкка чыга баштаганда бийлик “б” планына өттү көрүнөт.

Ар бир соттук отурумда Аида Салянова ага карата козголгон кылмыш ишинде эч кандай далилдер жок экенин жана Елисеевдин лицензиясын узартуу менен эч кимге эч кандай пайда келбегенин акырындан далилдей баштаганда бийлик 2011-жылы курулган Башкы прокуратуранын имараты боюнча кылмыш ишин козгоду. Буга аталган имаратты курарда баасы жогорулатылып көрсөтүлгөнү себеп болгону жазылган УКМК тараткан маалыматта.

Дал ушул имарат ишке берилип, курулган убакта азыркы депутат Аида Салянова Башкы прокуратураны жетектеп тургандыктан бул эл өкүлүн тузакка илүүнүн дагы бир жолу экенин коомчулук айтып турган кези.

Бирок бүгүн бийлик болбогон шылтоо менен Саляновага илинчек издеп жатканы белгилүү болду. Дегенибиз 3 кабаттан турган Башкы прокуратуранын имаратын курууга 236 млн сом керектелген болсо, мамлекеттик резиденциядагы боз үйдү курууга 259,1 млн сом сарпталганы ачыкка чыгууда.

Үч кабаттан турган имарат менен боз үйдүн айырмасы асман менен жердей экенин, боз үйдүн түндүгү алтындан болгондо гана ушундай сумма чыгарын айткандар да жок эмес.

Азырынча бул боюнча бийлик үн ката элек, бирок Салянованы сапырабыз дегендердин тилегин таш кабат окшобойбу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу