Салымбеков: биздин футболчуларга кызыккандар көбөйдү

 

Биздин курама командабыз Азия биринчилигинде биринчи жолу ойноп жатканы үчүн, жигиттерибиз дагы, машыктыруучуларыбыз да жоопкерчиликти абдан катуу сезишкени билинип жатат. Футболдун жөн гана оюн эмес, улуттук намыс, мекендин абийири экенин баамдап билишкенин иштери менен көрсөтүшүүдө.

Алардын көрсөткөн күрөштөрүн, дымактарын көрүп, бул жактагы кыргызстандыктар, спортко мурун-кийин көңүл бурбаган адамдар да чын жүрөктөн кубанып, толкунданып, көздөрүнө жаш алышууда. Футбол-спорттун падышасы. Мындан ары жаштарыбызда спорттук дух пайда болуп, анын артында мекенчилдик жана сергек жашоого ыктаган идеология калыптанса деп тилейм.

Футболчуларыбыз бир ай мурда Катарга атайын машыгуу үчүн кетишкен болчу. Ал жактан чеберчиликтерин арттырып, дагы да бекемделгенин көрсөтүштү. Акыркы үч оюн алардын спорттук техникасынын жана физикалык дараметинин артканын далилдеди. Тажрыйбалуу эки өлкө менен татыктуу оюн көрсөткөн соң, биздин деңгээлибиздеги Филиппинге үстөмдүк кылып, сонун жеңишти алып беришти. Эми кийинки атаандаш Бириккен Араб Эмираттары талаанын ээси болгону үчун, кээ бир артыкчылыктарын эске алуу менен өзгөчө тактика менен ойноо зарыл. Алардын курамасынын беттештерин көргөн соң биздин жигиттер ута аларына ынанып жатам.

Дагы бир маанилүү жагдай: дүйнө чемпионаты болобу же мындай континенталдык биринчиликтер болобу-спорт тармагындагы чоң базар. Бул жактагы ар бир беттешти тыкыр көзөмөлгө алган белдүү футболдук клубдардын агенттери отурушат. Кээ бир булактардын айтымында биздин футболчуларга кызыкдар болуп, тизмеге алгандар көп болууда. Алар биздин машыктыруучулар жана оюнчулар менен байланышып, талапкер болгон футболчуларыбызды сурап жатканы белгилүү.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин жаш, демилгелүү адис. Анын кураманы канчалык деңгээлге чыгарганы көрүнүп турат. Келечекте көптөгөн мыктыларды, мекен сыймыктарын чыгарарына ишенем.

Албетте, кураманын 90 пайызы биздин «Дордой» клубунун оюнчулары. Алардын башка мамлекеттин клубдарына кетүүсүнө көңүлүбуз ыраазы болбошу бышык. Бирок бул биздин кыргыз футболу үчун да, жигиттерибиздин келечеги үчүн да  жакшы мүмкүнчүлүктөр болгондуктан коё берүүгө аргасызбыз. Кантсе да алар улуттук курамабызда ойноп беришет.

Кыргыз футболунун келечегинен үмүтүбүз чоң!

Аскар Салымбеков. «Дордой» ассоциациясынын президенти

Булак: Марал

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу