Салык кызматы бюджетке 6,4 млн сом зыян келтирген

 

Эсептөө палатасы тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын 2017-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 6,4 млн сом өлчөмүндө каржылык мыйзам бузуу аныеталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматынан кабарлады.

Аудиттин журүшүндө «Кыргыз темир жолу» Малекеттик ишканасынын салыктарына төмөндөтүү болуп, жыйнтыгында 6,4 млн сом өлчөмүндө каржылык мыйзам бузуу аныкталган.

Мындан сырткары аудитте Мамлекеттик салык кызматынын кирешеси пландык жана факты жүзүндө көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн негизинде эсептелүүсүн жана салык төлөбөгөн компаниялардын тез арада төлөөсү боюнча иш жүргүзүүсүн эскертти.

Эсептөө палатасы аудиттин жыйынтыгында ортого чыккан мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди.

Аудиттин негизинде топтолгон материалдар Президенттин аппаратына, Жогорку Кеңешке, Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, Өкмөткө жана Каржы Министрлигине жиберилди.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу