Салык кызматкерлеринин үстүнөн соттук териштирүү уланат…

Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин үстүнөн соттук териштирүү журүүдө. 22-мартта сотто мурунку салык кызматкери Дилбара Боронбаева, салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов жана бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиев көрсөтмө беришти. Ниязалиев өзүнө карата чыгарылган айыптоочу бүтүмдү түшүнбөгөнүн айтты. 2018-жылы УКМК атайын одерациянын негизинде чет өлкөлүк жалган фирмалардын жасалма документтерин жана мөөрлөрүн тапкан. Мындан мамлекеттик бюджетке 600 млн. сомдон ашуун зыян тийгени кабарланган. Маалыматка ылайык, «Интеррустрейд» жана «Полларис» ишканаларынын жетекчилери салык жана бажы кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, өлкө бюджетинен 393 млн. сомду мыйзамсыз алышкан, мындан тышкары 239 млн. сомдон ашуун салык төлөшкөн эмес.Бул иш боюнча 13 адамга кылмыш иши козголгон .Алардын ичинде Салык кызматынын алты,Бажы кызматынын үч кызматкери бар.Буларга «Алдамчылык «жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»беренелери боюнча айып тагылган . Бул иш боюнча 13 адамга кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде Салык кызматынын алты, Бажы кызматынын үч кызматкери бар. Буларга «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» бе-ренелери боюнча айып тагылган.

БУЛАК:Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу