Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова мезгилсиз дүйнө салды

Белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова узакка созулган оорудан кийин каза болду.

Бул тууралуу анын кесиптештери “Азаттык” радиосуна кабарлады. Маркум менен коштошуу зыйнаты 16-августта саат 10:00дө болот. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлары айтылды.

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек- ред.) туулган. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин бүтүргөн. Алгач Кыргыз улуттук радисунда, кийин “Европа плюста» иштеп, КТРКда “Акыл ордо” интеллектуалдык ток-шоусун алып барган. Соңку бир жылда рак оорусу күчөп, дарыланып жаткан.

Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу