Салтанат Саматованын досу, алып баруучу Эркин Рыскулбеков: “Улуу экенин билдирбей сен деп айт дечү…”

Жакшы достон жан дүйнөгө гүлазык алып, аны жүрөгүңө эш тутасың. Кайгыда да, кубанычта да колдой турган, үзүлгөнүңдү улаган, чачылганыңды жыйнаган да дос эмеспи. Арабыздан өтүп кеткен белгилүүлөрдүн достук мамилесин, адамдык асыл сапаттарын досторунун оозунан уктук. Каармандарыбыздын айрымдары аларды жылмаюу менен эскерсе, кээ биринин каңырыгы түтөп, үнүнөн досуна болгон кусалыгы сезилип турду.

— Салтанат менен жаңы таанышканда менден бир топ жаш улуу экенин билип эжелеп жүрдүм да.Кийин жакындан дос болгондо “менин жашым улуу экени билинип калып атат, эмне эже дейсиң. Сен деп эле айт!” деп жүрдү. Сизден сенге өтүү оор болсо да далай уруш жеп жүрүп көндүм. Жаш айырмачылыкка эмес, адамдын адамдык сапатына маани берчү. Кийин оорусу тууралуу билгенде да өзүн таштап салбай кайраттуу жүрдү. Мен бир жолу ооруп дарыланып калдым. Аныкына салыштырмалуу меники олуттуу деле оору эмес да, бирок күндө абалымды сурап чалат. “Доктурга бардыңбы? Дарыны үзбөй ичип атасыңбы?” деп көзөмөлдөп турар эле. Онкологиялык ооруга кабылгандарга көп жардам берчү. Анын ичинде кичинекей балдар да бар болчу.

Бир жолу 23-февралда: “Эркин, кел 5000 сом чогултуп балдарга белек алабыз”,-деди. Макул болуп “Орто-Сай” базарына ээрчип бардым. Мени таң калтырганы, бардык балдардын атын, табитин жатка билгени болду. “Бул балага муну алайын, тиги бала мындай оюнчукту жактырбайт. 14 жашка чыккан балага оюнчукка караганда китеп кызыктуураак болот…” деп өзү менен өзү сүйлөшүп бардык балдарга бирден белек алган эле. Досумдун мындай асыл сапаты жүрөгүмдү элжиретип, бир жагынан зээнимди кейитип, көзүм жашылданган…

Булак: «Леди кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу