Салтанат: «Күйөөмдүн түгөйүнөн төрөп алдым…»

Ардактуу редакция саламатсыздарбы!

Мындан 7 жыл мурун эгиз жигиттердин бирине турмушка чыккам.

Күйөөмдүн экинчи турмушумун. Анвар мага чейин ажырашкан, балдары жок. Жлдошум “вахтовый график” менен иштейт. Ошондой иш күндөрүнүн биринде, Анвар түнкү нөөмөткө кеткен учурунда, үйгө күтүүсүз келип, дароо эле жаткан бөлмөбүзгө кирип келди, шамды жандырбай эле, “сени өлө сагындым” – деп өпкүлөп кирди. Ичимден кандай сонун түн деп, кымыңдап уктап калдым. Эртеси уйкудан ойгонсом, күйөөм жумушуна кетип калыптыр.

Ай жаңырганда кош бойлуу экенимди билдим. Анвар экөөбүздүн кубанычыбызге чек болбоду. Ошентип, уулду болдук. Уулубуз 4 чыкканда жаңы батир сатып алдык. Көчкөнгө даярданып жатып, күйөөмө тиешелүү медициналык кагаздарды таап, алдым. Окуп, нес болуп отуруп калдым. Көрсө менин өмүрлүк жарым, тукумсуз экен. Ошондо билдим, ким баягы түнү, менин боюма бүтүрүп кеткенин.

Анвар жумуштан келгенде кагаздарын алдына коюп, суроо салдым. Ал мага баарын түшүндүрдү. Көрсө, ал биринчи аялы менен балалуу боло албаганынан ажырашкан экен. “Салтанат сени жоготкум келген жок, ар бир аял энелик сезимди сезгиси келет, байкемди жөнөткөнүм, андан бүткөн бала баары бир менин тукумум, анан ал өз киши, эч кимге ооз ачпайт”- деп күнөөлү көздөрү менен карап, кечирүүмдү өтүндү. Мага айтпаганынын себеби, мурун аялына айтып, агасынан төрөп ал десе жаман көрүп кетип калган экен. Туура, мага айтса мен деле макулдугумду бермек эмесмин. Ошону үчүн айтпай кылган экен. Биз күйөөм экөөбүз кечиришип, жашоону улантмай болдук. Бирок… Түшүнүксүз сезимдерден арыла албай келем…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу