Салмак кошкуңуз келсе сагыз чайнаңыз…

Сагызды өтө көп чайноо ден-соолукка зыян экенин окумуштуулар далилдеп жатышат. Чайноого арналган резинканы дүйнөдө узак убакыт бою дары-дарымек катары эсептеп келишкен. Сагыздын тишке гана эмес, тамак-аш сиңирүү системасына да пайдалуу экенин дарыгерлер билдиришүүдө. Сагызды чайнаган сайын ашказандан суюктук бөлүнүп, тамак тез сиңери баарыбызга маалым.

Бирок чайноого арналган резинканын курамына катыштуу окумуштуулар арасында талаш-тартыш жаралды. Бирөө сагызды мурункудай пайдалуу десе, экинчиси сагыз адамдын толуп кетүүсүнө себепкер болот деп эсептешет.

Эдинбургтагы Нейпира университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында сагыз адамды семиртери ырасталды. Адамдын организминдеги ашыкча салмактын жыйналуусуна сагыздын курамындагы кант алмаштыруучу (заменитель сахара) – аспартам себепчи экен.

Бир жылда аспартамдан 215 аял, 56 эркек адам зыян чеккен. Алар сагызды күнүнө бир нече ирет чайнаганда, айына 200 даанадан ашык сагыз чайнашкан. Жарым жыл өтпөй алар көп салмак кошо башташкан. Ал эми 48 адамдын ашказанында гастрит жана башка оорулар аныкталган.

Дарыгерлердин айтуусу боюнча, күнүмдүк жашоодогу кантка караганда, аспартам май катмарларын 40 пайызга көбөйтөт. Ошондуктан адистер күнүнө сагыздын бир даанасын гана чайноого же сагыздан таптакыр баш тартууга кеңеш беришет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу