Салима Балтаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Ырчы болбосом, улакчы болмокмун…”

Ырчынын ырлары жакчу, бул жолу шаңкылдаган күлкүсү жакты. Маегибиз жеңил, жылуу маанайда болду. Кой союп, улакчы болгусу келген Салима Балтаеванын дүйнөсүнө сапар алдык.

– Салима эже, жакында наам алдыңыз, кут болсун!

– Рахмат, чынын айтсам, ырчы наам үчүн иштебейт. Болгону наам стимул болот. Ырчы десе эле эл жыргап жүргөн адамды элестетет эмеспи. Көшөгө артында анын деле азабы көп. Ысыкка күйүп, суукка тоңуп гастролдордо жүрөсүң. Эми ал деле милдет эмес дечи, ушу жолду тандап алганыбыз үчүн жүрөбүз да. Эмгегиң бааланып көңүл бурулуп калса жагымдуу болот экен. Бирок мендей эле иштеп жүргөндөрдүн эмгеги бааланбай келе жатат. Буга чейин адилетсиз берилип калгандар деле болуп келе жатпайбы. Андайды деле эл байкап коёт, аттарын бетке эле айтып салышат. Буга чейин наам алса кызуу талаш-тартыш болчу эле, бул жолу андай болгон жок окшойт.

– Силердин убакта продюсер деген түшүнүк деле жок эле. Кантип элге таанылдыңыз?

– Мен 1990-жылдан баштап эле ырдап чоң сахнада жүрдүм. Ал эми 2000-жылдан тартып эстрада жаатында болдум. Биз жалаң гастроль менен жүрүп атыбыз чыкты. Азыркылар клип тартып, гезитке чыгып, телеканалдарга чыгып жатпайбы. Тааныла элек кездерде эл клубга келбей коюп, айдатып барган машинебиздин бензинин актай албай калчубуз. Ыр жаздырсак карызга жаздырып алып, гастролдоп келип, акчасын кийин төлөп берчүбүз. Кээде эл жакшы келип, чөнтөктөргө акча батпай да калчу. Андайда бапыраңдап калчумун. Ошентип жүрүп таанылдым. Жактырганы бар, жактырбаганы бар. Эми элге 100 пайыз жагат деген нерсе жок. “Мен эмне акча белем элге жаккандай?” деген сөз бар го (күлүп).

– Бир күчтүү ыр бир ырчынын тагдырына жазылат эмеспи. Сизде ошондой ыр болдубу?

– Бир адам жаралып башканын бактысын ачкандай эле, кайсы бир ыр да ырчынын бактысына жаралып калат. Менде ошондой ырлар болду. “Көктөм эле”, “Биздин айыл”, “Дил кайрык” ырлары менен таанылдым десем болот. “Дил кайрыкты” Айбек Карымов биринчи Гүлзат эже (ред.: Байзакова)менен ырдап чыккан. Гүлзат эже “Камбаркан” тобунда иштегендиктен гастролго чыга алчу эмес. Ал дуэт жаздырып, клип тарттырган. А мен аны гастролдордо ырдап элге тааныттым. Бул чыгармада экөөбүздүн тең эмгегибиз бар. Азыркыга чейин үнүбүздү ажырата албай алмаштыра беришет.

– “Достор” деп топ ачтыңыздар, аялдарда достук болбойт дешет го…

– Бул топ ачылганына 10 жыл болду. Топ гастролдордо көп жүрдү, биздин идеябыз менен жер-жерлерде аялдардын топтору түзүлүп баштады. Мисалы, “Шайыр апалар” долбоору. Айылда укмуш өнөрлүү аялдар болот. Бала-чака, тиричилик менен отуруп калганы менен, көкүрөгүндөгү угуту кайнай берет да. Ал энергия чыгышы керек. Менимче, биздин топ аялдарга стимул берди. Ал эми аялдардын арасында достук болбойт деген жөн эле сөз. Тескерисинче, бекем достук болот. Менде дос көп, ырчылар эле эмес, түрдүү сферада бар. Бирибизде маселе болуп калса көптөп колдоп-коштоп жиберебиз. Сырларыбызды айтышабыз.

– Топто Гүлбү Ороскул кызы бар эмес беле, кайтыш болгон соң ордуна башка бирөөнү алалы деп ойлогон жоксуңарбы?

– Ий, Гүлбү байкушум… Жок, анын ордун эч ким толуктай албаса керек. Кээде ордуна бирөөнү алсакпы деген ой болот, бирок ыраа көрбөй кетебиз.

– Бала чагыңызга кадам таштасак. Ата-энеңиздин эрке кызы болгон экенсиз…

– Үй-бүлөдө 6 кыз, 4 эркекпиз. Менден кийин эркектер удаа келишти. Атам, балким, ошондон уламбы, мени өзгөчө жакшы көрчү. Өзү кыз киши атага жакын болот окшойт. Атам айдоочу болуп иштечү. Бир жакка кетип калса жытын сагынып кетчүмүн. Эжелерим бир жакка жумшайын десе атам “балага тийбегиле” дечү. Мен атамдын колтугуна башымды катып отуруп алчумун. Азыр деле үйдө эжелерим бир нерсе десе “балага тийбегиле” деп тамашалап күлүп калам (күлүп).

– Керек болсо кой да соё алат деп уктум сизди.

– Атамдын эркек балалуу болсом деген каалоосу күчтүү болгонбу, мен бир аз эркек мүнөз болуп чоңойдум. Атам кийин чабан болуп иштеп калды. Койлор ылаңдап четинен өлө баштады. Жайдын күнү анын башын бербесе атам төлөп калмак да. Атам койлорду мууздап берчү. Эжелерим болуп терисин жиреп кадимкидей эле союп берчүбүз. Ошол мүнөз калды менде. Шарт сүйлөп, тез чечип коймой жайым бар. Ат чаап, улак тартканга кызыгып, эркекке мүнөздүү спорт түрүн жактырам. Эми такыр эле эркек болуп эмес, созулуп деле калам (күлүп). Баары бир табиятыңа кетет экенсиң да.

– Жездебиз менен кантип таанышып калгансыз?

– Ал мени жактырып калган экен. Курбумдан сөз айттырып жүрүп таанышып калгам. Буюрса, 15 жылдан бери чогуу түтүн булатып келебиз. Үч кызыбыз бар. Чоңоюп келе жатышат.

– Эгерде ырчы болбой калсаңыз, ким болмоксуз?

– Ырчы болбосом, улакчы болмокмун (күлүп).
БУЛАК:Супер-Инфо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу