Саламат Садыкова: «Чоң тойго барып ырдаган ырчылар эле чоң сүйлөп калат экен…”

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова  айымдарды 8-март эл аралык майрамы менен куттуктап, интернетте талкуу болуп жаткан Сауд Арабиясында жүргөн кыргыз жарандарынын адеп-ахлагы тууралуу пикирин Вarometr.kg сайтына билдирди:

“Кыргызстандагы жалпы аялзатын жаз майрамы менен куттуктайм. Баардыгына үй бүлөлүк бакыт каалайм. Улуттун урпагын улаган энелерибиздин эсендигин тилейм. Балдарым, неберелерим деп ар убакта энелер түн уйкусун төрт бөлүп келет. Андыктан жалпы мырзаларды, деги эле эркектерди намыстуу болууга чакырам. Кыргыздын жашоосунда эне тарбиянын башаты болуп саналат. Азыркы учурда интернетте укмуштуудай талкуу жаратып жаткан маданият өкүлөрүнүн жүрүм-турумдарын окуп жатабыз. Бул биз үчүн уят нерсе. Биздин учурубузда сырка жөнөп жатканда элди уят кылып албаш үчүн өзүбүздү көзөмөлдөп турчубуз. Атайын тескөөлөрдөн дагы  өтчүбүз. Жакында эле бир нече өнөр адамдары болуп 19-февралдан 28-февралга чейин Куветке барып келдик. Биз менен кыргызстандагы эң белгилүү жаш эстрада ырчысы барды. Мага алар капа болушпасын, адепсиздигин байкадым. Азыр ырчылардын баары эле тойлорду кыдырып калбадыкбы. Көрсө чоң тойго барып ырдаган ырчылар эле чоң сүйлөп калышат экен да. Концерттерге 10-15 мүнөт тургай 4-5 саатка чейин кечигип келип жатты. Кыскасы көп жоруктарын көрүп алып “кап” деп жерди карап калып жаттым. Жалпы өнөр адамдары ырдоодон, аспапта ойноодон сырткары адамдык сапаттарды дагы сактасык жакшы болот эле. Жоолук салынгандын баары эле аял эмес, жорго мингендердин баары эле баатыр эмес болбойлу”,  — деп Вarometr.kg сайтына маек куруп берди.

БУЛАК:

Аргумент.kg
Жооп калтыруу