Саламат Садыкова: «Оозуңарга таш тийгирлер, Лунара ак ниетинен пикирин бөлүшүп жатса жамандайсыңар»

Казакстандын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын «пенсионерлер саякаттаса болот»- деп айтылган көз карашына колдоосун билдирди. Бул тууралуу ырчы аталган макаланын алдына өзүнүн оюн жазып калтырды. Анда:

«Көбөйтүп жатса да жакпайт. Оозуңарга таш тийгирлер ай.. Тап татына жаштарыбызды деле өстүрбөй мынча кекеерлүү кесирлүү карөзгөй эл болдук. Лунара жаңы гана коомдогу ордун таап ак ниетинен пикир бөлүшүп жатса да жамандагандар деги ким жагат бизге.. Баары эле жаман ушул интернет желесиндеги тилинен «уу» чачкандар өзүңөргө- өзүңөр да жакпасаңар керек. Бул жашоого келгениңерге нааразы болсоңор Кудайга наалып жатканыңарды түшүнөөр бекенсиңер.. Кесирлүү кемтик издегендердин аралында качан кимдир бирөөнү алкап рахмат раазылык шүгүр тобоо дээр бекенсиңер..»-деп айтылат.

БУЛАК:barometr.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу