Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге: “Эмне үчүн ак халатчандарга каршы саясатты жүргүзүп, дарыгерлерге жакпаган реформаны жүргүзүп жатасыз?”

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев чоң кызматка тар чөйрөнүн кызыкчылыгы менен жетип, айрым топтордун бизнесин коргоо үчүн келгени аяк сала баштады. Бир да жылыш байкалган жок. Тескерисинче, саламаттык тармагын реформалоо деген шылтоо менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жоюп, врачтарды кыскартуу амалын жасаганга аракеттенүүдө. Анын кесепетинер ак халатчандардын арасын интрига аралап, чыр көбөйүп, башаламандык өкүм сүрүүдө. Адилетсиз башкаруунун аягы мигингге чейин жетти. Өкмөт башындагылар жакын арада тийиштүү чара көрбөсө, абал мындан оорлоп кетиши мүмкүн. Кысталак, Космосбек мырза  УКМКнын СИЗОсунда жатканда сабак алган эмес экен.

—Космосбек мырза, эмне үчүн ак халатчандарга каршы саясатты жүргүзүп, дарыгерлерге жакпаган реформаны жүргүзүп жатасыз? Эгер жасаган ишиңиз туура болсо, чоо-жайын элге билдирип, ачыкка чыкпайсызбы? Эмне себептен дарыгерлердин маяналары министрлик убада кылгандай көбөйбөй жатат?Айлык төлөөдөгү упай системасы туура эмес киргизилип калган жокпу?

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу