Сайкал Садыбакасова, ырчы :»Башыңа оор күн түшкөндө жаныңда сени чын дилден сүйгөн адамдар гана калат экен…»

Ырчы Сайкал Садыбакасованын башынан оор күн өткөн көрүнөт. Ырчы айым бул тууралуу өзүнүн жеке баракчасына жазып,  апасы Гүлшайыр Садыбакасовага ыраазычылык билдирди.

Анда, «Башымдан оор күндөр өттү…Төрт айдан ашык убакыт катуу ооруп, кайра-кайра ооруканага жатып көзүм чачыраган күндөрдө мага моралдык жана материялдык жардам көрсөткөн, дары-дармектеримди Москвадан, Грузиядан алдырып, айыгып кетишиме түздөн-түз жардам берген, ыйласам кошо ыйлап, көңүлүмдү көтөрүп, жанымдан жылбаган алтын апама чексиз ыраазычылыгымды билдиремин! Башыңа оор күн түшкөндө, жаныңда сени чын дилден сүйгөн адамдар гана калат экен….Кимдин ким экендиги, ушундай сыноолордо билинет турбайбы!»-дейт ырчы айым.

БУЛАК:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу