САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА ЫРДАГАН «ЭСТЕЙ ЖҮР» ЫРЫ ТАЛАШКА ТҮШТҮ. Ыр уурдалганбы?

Бир кездери хит болгон, Сайкал Садыбакасованы ырчы катары элге тааныткан «Эстей жүр» деген ыр эсиңизде чыгар. Ал ырдын автору катары Чынара Сейитбурханова аттуу ырчынын аты аталып жүрөт. Бирок «Эстей жүр» менин ырым» деп Венера Калыкова аттуу айым редакциябызга баш бакты.

Венера Калыкова: «ЭСТЕЙ ЖҮР» ЫРЫН АЛГАЧКЫ МАХАБАТЫМА АРНАГАМ»
– «Эстей жүрдүн» авторумун деп жатасыз. Бирок автору катары башканын аты аталып жүрөт, убагында эмнеге бул тууралуу айтып чыкпадыңыз?

– «Эстей жүр» 1984-жылы жазылган. Ал кезде Бишкектеги Музыкалык педагогикалык училищеде, 4-курста окучумун. Сөзүн да, обонун да өзүм жазгам. Мени менен чогуу окуган Клара Байысбекова деген таластык кыз бар эле. Ал «Эстей жүрдү» жактырып, көп ырдачу, анын сиңдилери да ырдап калчу. Ошол кыз аркылуу тарап кетсе керек деп ойлоп жатам. Бул ырды сахнага бир топ жылдан кийин ырдап чыгышты. Ал учурда мен үй-бүлөлүк шартыма, убактыма, «авторумун» деп жүргөн Чынара Сейитбурханованы таппаганыма байланыштуу «менин ырым» деп чыга алган жокмун. «Эстей жүрдүн» автордук укугун алайын деп эми гана чыгындым.

– «Эстей жүрдү» алгачкы жолу Сайкалдын аткаруусунда качан уктуңуз? Анын аткаруусу купулуңузга толдубу?

– Ырды алгач мага «апа, аябай жакшы ыр чыгыптыр» деп кызым угузду. Бирок ырды мен жазганымды кызым билчү эмес. Анан «бул ыр меники» деп кызыма айттым да, ошондон баштап аракет кыла баштадым. Ырды Сайкал жакшы аткарды, менин купулума толду. Сөзү, обону элге бурмаланбай жетти.

– Ырдын автору катары айтылып жүргөн Чынара Сейитбурханова менен байланыштыңызбы?

– Бир ирет телеканалдардын биринин эфирине ырчы Роза Шакирова конок болуп барып калды. Ошол жерден «Эстей жүрдү» комуз менен ырдады. Алпаруучу кыз «Бул ырды Сайкалга чейин сиз ырдап жүрчү элеңиз» деп айтып калды. Ошондо мен Розанын телефон номерин таап байланышып, Чынара Сейитбурхановадан алганын уктум. «Кыргызпатентке» барсам ал жерде иштеген 2 эже архивди карап, «Чынара Сейитбурханова автору деп катталыптыр» дешти. Чынаранын телефон номерин таап чалганда алгач алган. Анан «Мен «Эстей жүрдүн» авторумун. Ызы-чуу кылбай эле автордугун өзүмө өткөрүп бер» десем дароо телефонун коюп салды. Ошондон тарта чалсам албайт, СМС жазсам жооп бербейт. WhatsApp аркылуу да көп ирет жаздым, бирок окулду деген белги келет да, жооп жок. Өзү да ырдап жүрөт экен. Башында «эл тааныган кыз болсо, аны уят кылбай өзүбүзчө чечишели» деп 1 жылдай жакшы эле күттүм. Балким, убагында ырдын автору табылбай жатса, ал кызга жакса «меники» деп койгондур, адамда ар кандай болот да. Эми чыдамым да түгөндү, жакында бул иш боюнча сотко кайрылам.

– Бул ыр сиздики экенин далилдеп берчү күбөлөрүңүз барбы?

– Албетте. Курсташ, жатаканалаш курбуларымдын баары күбө болуп бере алышат. Ырды жаңы чыгарганда Музыкалык училищеде хор боюнча бизди окуткан Бүкөн Арзыматова аттуу эжекеме ырдап бергем. Ошондо ал «ай, бул ырыңды ырдап, ар кимге таратпай коё турчу. «Бардыгы жалган тура бул дүйнөдө. Жашоодо да, сүйүүдө да, үй-бүлөдө» деген саптары жакпай жатат» деп тыйып койгон. Анда эми Союз учуру, мыйзам катуу иштечү, үй-бүлөлүк баалуулуктарга маани берилчү. Бүкөн эжекем маегимди окуса ырды мен жазганымды тактап бере алат.

– Жакшы ыр жөн жерден жаралбайт, ырдын тарыхына токтоло кетсеңиз.

– Ырдын тарыхы өзүмдүн жашоомо байланыштуу. Студент кезимде, 18 жашымда бир жигитти жактырып калып, ырдын сөзүндө айтылгандай, ал жигиттен жооп болбогондо ушул ыр жаралды. Алгачкы махабатыма арналган ырым деп айтсам болот. Жатаканада жашачу элем, ыр ал жакта хит болгон. Чогуу жашаган курбулар отуруштарда ырдап калчубуз.

– Ырдын негизги каарманына, алгачкы махабатыңызга кийин жолуктуңузбу?

– Бул жагын айтсам кызык. Ал балага ошол бойдон жолуккан жокмун. Кийин турмушка чыктым. Жолдошум укук коргоо кызматкери болгондуктан эрте пенсияга чыгып, күзөт тармагында иштеп калды. Бир ирет «Бизде бир бала иштеп жатат. Аябай жакшы бала, аны менен үй-бүлөлүк катышта бололу» деп калды. Кийин экөө чогуу сүрөткө түшкөн экен, карасам эле ошол бала. Анан мен жолдошума чынын айтып бердим. Жолдошум бул ыр башкага арналып жазылганын билчү. Күлүп, эч нерсе деген жок. Түшүнүктүү адам, ошондуктан кызганган жок. Эми жаш кезде боло берет да. Азыр жолдошум ал бала менен аябай жакшы мамиледе, жакын дос. Мен болсо эски сезимдерди козгобойлу деп үй-бүлөбүз менен катташуудан баш тарткам. Кээде жолдошума «Ал балада табигаттын кандайдыр бир керемети бар го. Убагында мен да жакшы көрсөм, кайра ушунча жыл өткөн соң сен да жакшы көрүп калдың» деп тамашалап коём.

– Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, учурда эмне иш менен алектенесиз?

– 1 кыз, 1 уулубуз бар. Кызым турмушта. Учурда лицейлердин биринде мугалим болуп эмгектенем.

Ал эми «Эстей жүр» ырынын автору катары айтылып жүргөн Чынара Сейитбурханова менен байланышканыбызда ал «Менин жана мага тиешелүү ырга автор болуп жаткан адамга таң калып жатам» деп кыска гана жооп кайтарды. Ал эми бул ырга тиешеси бар адамдарга бул окуя боюнча байланышып көрдүк.

 

Жыпаркүл Жаңыбаева, Венера Калыкованын курбусу: «ЭСТЕЙ ЖҮРДҮ» САЙКАЛ ЫРДАП ЧЫККАНДА ТАҢ КАЛДЫМ»
– Венера эже менен 1992-жылдан бери таанышмын. Мен анда 19 жаштагы кыз элем. Эже менден 6 жаш улуу, бирок үй-бүлөлүк катышыбыз бар болгондуктан дайыма жолугуп турабыз. Отуруштарда эже «Эстей жүр» деген ырын ырдап калчу, башка да бир топ ырлары бар, жакшы да ырдайт. Кийин эле «Эстей жүрдү» Сайкал Садыбакасова ырдап чыкканда таң калдым. Эжеге айтсам «бир курбу кызым ырдап жүрчү, ошол берген окшойт» деген эле.

Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ЧЫНАРАНЫН ЫРЛАРЫНЫН БААРЫ ХИТ БОЛГОН»

– Бул ыр эч кандай сиздерге кайрылган Венера дегендики эмес, Чынара Сейитбурханова деген «Кыз-Буракта» ырдап кеткен кыздыкы. Чынаранын Роза Шакирова ырдап жүргөн «Карабачы», «Сүйкүм элес» сыяктуу 12ге жакын ыры бар, баары эл оозуна алынып, хит болгон.

Сайкал Садыбакасова, ырчы: «ЫРДЫ 13 ЖАШЫМДА ЫРДАГАМ, СӨЗҮНӨ МААНИ БЕРГЕН ЭМЕСМИН»

– «Эстей жүрдү» мен 13 жашымда ырдагам. Чынын айтсам, ал кезде сөзүнүн маанисине деле түшүнчү эмесмин, обону жакчу. Маанисин кийин түшүндүм. Ырдайм деп туруп алсам, апам бул ырды Чынара Сейитбурханова эжеден алып берген. Жаздыргандан 1 ай өтпөй хит болуп кеткен эле.

Роза Шакирова, ырчы: «АВТОР КИМ ЭКЕНИН БИЛБЕЙМ»
– Бул ырды 1995-1996-жылдары Ошто окуп жүргөн кезимде Чынара Сейитбурхановадан угуп калгам. Кийин комуз менен ырдап жүрдүм. Негизи ыр 4 куплет болчу, Сайкал 3 эле куплетин ырдап чыкты. Андан соң «Эстей жүрдүн» сөзүнө өзүм башка обон жазып, студиядан жаздырып 2007-жылга чейин ырдадым. Кийин Ислам Акматов ошол эле обонумду жактырып, ал обонго башка сөз жазып ырдап чыкты, себеби ал кезде «Эстей жүр» хит болуп, сөзү элге кеңири тарап кеткен эле. Кийин бир эже «бул ыр меники болчу» деп мага байланышты, бирок чынында эле автор ким экенин билбейм.

«АВТОРЛОР СОТ АРКЫЛУУ ЧЕЧИШСЕ БОЛОТ»

Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына кайрылганыбызда алар архивди карап, бизге төмөнкүдөй маалымат беришти:

– Автордук укук алгысы келген адамдар «бул чыгарма меники» деп бизге кайрылса аны текшерип, эгер башка авторлору табылбаса, чыгарманын 1 көчүрмөсүн алып калып, ал адамга «ыр бул авторго тиешелүү» деген күбөлүк беребиз. Бирок бизде көбүнчө ырчылар бизге кайрылышып «ырдын автору бул» деп маалымат толтурушуп, каттатып коюшат. Же болбосо радио, телеканалдарга авторлор боюнча кандай маалымат тапшырышса, бизге ошондой катталып калат. «Эстей жүр» деген ыр боюнча айтсам, Сайкал Садыбакасова да, Чынара Сейитбурханова да бизге тапшырган маалыматтарда «Сөзү Канышай Токонованыкы, обону Чынара Сейитбурханованыкы» деп белгилешкен экен, автордук укук боюнча күбөлүк алышкан эмес. Эгерде чыгарма талашка түшсө, анда сот аркылуу чечишип алышса болот. Сотто чындап чыгарма башка адамдыкы экени далилденип, аныкталса, сот бизге чечимин жиберсе, биз ал чыгарманын автору тууралуу маалыматтарды тууралап беребиз.

БУЛАК: super.kg

Эстей жүр» ырынын клибинен кадр.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу