Сайкал Садыбакасова: «Мындан ары өкүнбөйм, алдыга умтулайын деп чечтим…»

Сайкал, кандай? Ооруп жүрөм дедиң эле, жакшы болул калдыңбы?

— Саламатсызбы? Ооба, жакшы болуп калдым. Турмушка чыккандан кийин ооруп калдым. 3 жолу ооруканага жатып чыктым. Аллергия болуп аябай катуу кыйналдым. Дарыгерлер гормоналдык дары каражаттарын сайып,  араң дегенде өзүмө келип, айыктым.

— Көптөн бери массалык маалымат каражаттарына маек бербей калганыңдын себеби ушул болсо керек.

— Ооруганыма байланыштуу аябай толуп, мурда 60 килограмм болсом, азыр 80 килограммга чейин салмак коштум. Көргөндөр “Иий, Сайкалга эмне болгон?” дешпесин деп маектерден баш тартып, көп жерлерге барбай жүрдүм.

— Күз келип, тойлорго чакыруулар көп болуп жатабы?

— Ооба. “Кыз-Бурак” тобунун кыздары менен чогуу Бишкектеги, Оштогу тойлорго көп чакырууларды алып жатабыз. Өзүм да кыз киргизип, “Жар-жар” айтып жүрөм. Мурда “Жар-жар” айтчу эмесмин. Бирок азыркы жашоонун шарты ушундай болуп, ырчылар той менен каражат таап калышпадыбы. Анын үстүнө жакшылыктарга кызмат кылсаң жакшы го.

— Айгерим Расул кызы зкеенердун тойдо «пакет операциясын” кылганыңар интернет аркылуу элге тарап жатат. Ошого токтоло кетсең.

— Өткөндө бир жерге кирип калсам улуу эле байке: “Сен тойлорго барып жатасыңбы?” деп сурап калды. Ырдаганга окшойт деп “ооба, барып жатабыз” десем, “көп эле болуп жатабы тойлор?” деди. Көп эле болуп жатат” десем “тойдо пакетке эт салып жатканыңды көргөм»дейт. Көрсө ал тиги видеону көрүп чын эле ишенип алыптыр. » Ал кино болчу»десем, “Аа, мен ырчылар тойго барып алып ушинтип баштаганбы деп ойлогом”деп коёт. Ал видео “Братандар” деген 2011-жылы тартылган тасманын үзүндүсү. Убагында элге жакшы тарабай, интернетке эми жүктөлүп, элге азыр тарап жатат. Көп адамдар чындап эле ишенип мага “Уяты жок, ырчы болуп туруп да тойдон ушинтесиңби?” деп жазгандар бар.

— Тасмаларга да тартылып,  өзүңдү актриса катары сынап жүрөсүң. Аткарган ролдоруң купулуңа толобу?

— Баш-аягы 15тей тасмага тартылдым. Бардык эле ролдорум купулума толот. Тартылган тасмаларымдын баарында эле өзүмдүн мүнөзүмө окшош каармандардын ролун аткардым. Апам: “бир жакшы тасмага тартылсаң боло. Кичине кызга окшоп чоюлуп, назданып. Качан болсо же эркекке окшойсуң, же шок кыз болосуң. Болду токтот деп урушат. Анан мен: “Апа, жүрөк ошондой ролдорго тартып жатса эмне кылайын?”- деп күлөм. Жакында эле бир тасмада башкы каарман «томпошка» кыздын ролун аткардым. Тасмага тартыларда «арыктайын» десем, режиссёр “Жок. Сен уялбагын, тескерисинче, ушундай толук болгонуң жакшы”- дегенинен биринчи жолу тасмага өзүмдүн толуктугумдан уялбай тартылдым.

— Эркек мүнөз, шар жүргөн кыз окшойсуң да?

— Негизи мүнөзүм жумшак. Бирок тарс-тарс сүйлөп, маселени тез чечкенди жакшы көрөм. Балким, апамды туурайттырмын. Себеби апам ошондой киши, кичинекейимден апама таасирленип жүрдүм да.

— Өзүңдүн кайсы сапаттарыңды жактырбайсың?

— Жашоодо бирөө бир иш дайындаса “ооба, кылам баары бир болот”- деп камырабай жүрө берем. Чыгармачылыкка келгенде аябай шашылып калам. Мурда бирөөгө капа болгондо бат жазылчумун. Азыр бир капа болсом көпкө чейин жазылбай жүрө турган болуп калыптырмын. Дагы бир жактырбаган сапатым көңүлчөөктүгүм. Бирөөлөргө ишенип алып, кайра алардан сокку жеп жүрө берем.

— Адамдын жүргөн-турганы анын психологиялык  абалын билдирет эмеспи? Турмушка чыккандан бери кайгылуу ырларды көп ырдап калдың… Эл аны жеке жашооң менен  байланыштырууда.

— Кичинекейимден эле жай ыргактагы кайгылуу ырларды сөздөрүнүн маанисин түшүнбөсөм да ырдай берчүмүн. Бирок обонун сезип, чын жүрөктөн берилип ырдачумун. Алгачкы ырым “Эстей жүрдү” да апам “шоколад берем” деп алдап ырдаткан эле. Себеби мени толуп кетет деп шоколад такыр жедирчү эмес. Негизи кичинемден эле бир нерсе болсо толуп кеткенге “шыктуумун” (күлүп). Кийин ошол кайгылуу ырларды жеткире ырдай аларымды билип көбүрөөк басым жасай баштадым. Жеке жашоомо байланышы деле жок.

— Сени көбү жакшы ырдайт деп макташат. Эл аралык сынактарга катышуу пландарың барбы?

— Негизи аябай эле каалоом бар. Катышайын деп канча жолу даярданып жүргөндө же кокустук болуп калат же чыгармачылыкта иштер чыгып калат. Бирок, албетте, катышам деп ойлойм.

— Бош убактыңды кантил өткөрөсүң?

— Үйдө фантастикалык кино көрүп отурганды жактырам. Мелодрамаларды көрө албайм, ыйлайм же жүрөгүм сыгылып кетет. Жакшы көргөн музыкаларга күзгү алдында бийлейм. Апамдын маанайы жакшы учурда анын жанында көп болгонго аракет жасайм. Эгер маанайы начар болсо биринчи кезекте мен качып жок болом (күлүп).

— Интернетке бир жолу «менин абалымды сураган киши жок” деп жазып калдың. Бирөөлөр  капа кылыштыбы? 

— Бирөө капа кылып койсо, балким, мени түшүнгөн да  досторум бар деген ойдо Инстаграмга жазып, видео жүктөп калышым мүмкүн. Бирок капалыгым тараганда шарт өчүрүп коём.

— Өткөн ишке өкүнгөн учурларың болобу?

— Көп болот. Бирок өкүнбөш керек экен. Азыр көп китептерди окуп жүрөм. Апамдын, улуу эжелердин кеңешин угам. Бул жашоо бир келет, Кудай бешенеге жазганы болот. Демек, ошондой болуш керек, ал нерсени эч ким өзгөртө албайт экен. Ошол үчүн мен мындан ары өкүнбөй, алдыга гана умтулайын деп чечтим.

— Жакшы. Алдыга кандай максаттарды коюп жатасың?

— Быйыл “Кыз-Бурак” тобунун 40 жылдыгын белгилейли деп турабыз. Ага жакшылап даярданып, жаңы ырларды жаздыруудабыз. Өзүмдүн чыгармачылыгыма да көңүл буруп, бул жылы жакшы иштейин деп жатам. Анан машыгуу залдарына жазылдым, эми арыкташым керек (күлүп).

 Ойлоруң ишке ашсын!

БУЛАК:Супер Инфо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу