Сайкал Садыбакасова Максат менен элдешкен жок, маалыматты ким таратты?

Ырчы Сайкал Садыбакасова жеке жашоосу тууралуу эч кандай маалымат тараткан эмес. Алардын элдешкени гана эмес ажырашкандыгы тууралуу расмий маалыматтар жок. Бирок акыркы күндөру ырчынын атын жамынган баракча «жалган маалымат» таратууда.

Ал баракчага «жолдошум менен элдештим» деп жазып чыккан.

Эске салсак Сайкал Садыбакасова менин атымды жамынып жаңы баракчалар ачылып ал жакта мен тууралуу жалган маалыматтар таратылып жатыптыр, ишенбеңиздер деп айтканы бар.

Бул маалыматтарды тактоо максатында Сайкал Садыбакасованын менеджерине байланышканыбызда ал:

«Бул тууралуу маалымат бере албайбыз. Андай сөздү ким таратып жатканынан кабарыбыз жок. Алар жалган маалымат берип коюшканго» -дегенден башка сөз айткан жок.

Буга чейин Сайкал да жолдошу Максат Довранов да бул маселе тууралуу пикирлерин айтпай келишет. Болгону өткөн жылдан бери интернет булактарында жана эл арасында эки жаш тууралуу ар түрдүү маалыматтар тарап келет.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу