Сайкал Садыбакасова күйөөсү менен ажыраштыбы?

Кыз-Бурактын ырчысы Сайкал Садыбакасова жолдошу Максат Довранов өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына жакында эле бели катуу ооруп, баспай калганын айтты.

«Жакында эле белим катуу ооруп, кокустан эле белимден ылдый жагы кыймылга келбей баса албай калдым. Ооруканага барсам, белиме катуу суук тийип, нервдерге зыян болгонун айтып, укол жана дары-дармек жазып берди. Бир жума ооруканага каттап жүрүп, дарыландым. Дубалды кармап, эптеп басып калганым эле болбосо толук жакшы болуп кете албадым. Кадимкидей коркуп кыжалат болдум. Анан массажга барууну туура көрүп, ошол массаждан жакшы болдум»-деп жазган.

Ага интернет колдонуучулары ден соолугуна шыпаа тилеп, сак айыгып кетишин каалашып,”Сайкал менен ажырашып кеткениңер чынбы?”,-деген суроолорун калтырышкан. Бул суроого ырчы Сайкал дагы жолдошу Максат экөө тең жооп бере элек.

Бирок, акыркы убактарда Сайкал менен Максат өздөрүнүн социалдык баракчаларынан сүрөттөрүн өчүрүп салганы, байма-бай, интернет колдонуучулардын шектенүүсүнө ого бетер май тамгандай эле болду.

Айта кетсек, Сайкал менен Максат 2017-жылдын ноябрь айында баш кошушкан.

Булак: Zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу