Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты…

Ырчы Сайкал Садыбакасова «Сени тандадым» аттуу ырына клип тарттырды.Бул тууралуу ал өзү маалымдады.

““Сени тандадым” аттуу ырымдын клиби даяр болду. Кийинки жума клип жана ыр жарыкка чыгат. Клипке башкы ролго кыз- жигитти өзүм тандадым. Клиптин үзүндүсүн киргизгенде эле «кыргыз бала табылбай калдыбы?» деген суроолор келди. Бул жигитти тандаганымдын себеби, актерлук чеберчилиги мыкты, улутуна келсек, эң негизгиси канында кыргыз бар. Клиптин тартылганы купулума толду, буйруса жарыкка чыкса сиздердин да өз оюңуздарды билгим келет, үч мүнөттүк клипке биз көп аракет жана эмгек жумшадык”,-дейт ырчы.

Эскерте кетсек, ырчы Сайкал Садыбакасова 1992-жылы 10-декабрда Ош шаарында туулган. “Эстей жүр”,”Эстедим” аттуу ырлары менен элге кеңири таанылган. 2014-жылы “Супер ырчы айым” деген наамдын жеңип алган.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу