Сайкал Садыбакасова: «Жигиттер сөз ташыганды токтоткулачы!»

Сайкал Садыбакасованын айланасында болуп жаткан сөздөр чындыкка дал келээрин коомчулук билип калды.

Ырчы Сайкал Садыбакасова анча мынча сахналаш досторуна да капа экенин өзүнүн инста баракчасынан бөлүшкөн. «Ай, жигиттер сөз ташыганды токтоткулачы алтындарым. Сахналаш дос болгондон кийин бир аз уялбайсыңарбы?! Билбейт деп ойлобогула, билип турсам да унчукпаймын! Учурашкан жерден күлүп койсом боло берет экен деп ойлобогула! Кимге тиешелүү болсо өздөрү түшүнүп алышат!»- деген билдирүүнү калтырган.

Ага чейин Максат Довранов «Сөз бергенден кийин аткарыш керек болчу, бирөөнүн тагдыры менен ойношпой»-деген оюн билдирген. Ал оюн көпчүлүк экөөнүн эки ажырым жолго түшкөнүн ачыктады деп кабыл алды.

Максаттын посту жарык көргөн соң Сайкал, «Теңелбеймин…Теңелгим да жок! Аллахка шүгүр. Эркектин эркектей болгону жакшы»- деген сөздөр менен хештег калтырган.

Сайкал Садыбакасованы күйөрмандары ар тараптан колдоп жатышкан чагы, эстрада ырчысы Бек Борбиев Сайкалга жылуу сөздөрүн айтып, оюн төмөнкүдөй билдирди:

«Сени колубузга көтөрүп, эркелетип чоңойтконбуз. Эми дагы жардам керек болсо даярбыз. Турмушта өйдө-ылдый  болот, көч бара-бара түздөлөт. Башты жерге салбай бийик карма, биз жаныңдабыз»-деген пикирин калтырган.

Булак: NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу