Сайкал Садыбакасова,ырчы: «Эски ырларды жаңыртып ырдагандын эмнеси жаман?»

Ырчы Сайкал Садыбакасова өзүнүн жеке  баракчасына Чубак Сатаевдин  «Арман ай» ырын жаңыдан жаздырып, жакында элге тартуу кылаарын айткан. Анда, инстаграм колдонуучу бул тууралуу  өзүнүн жеке пикирин видео астына калтырган. Анда, «Эски ырларды ырдап канча ырчынын багы ачылып жүрөт. Өзүңөр ыр жазып, жыртып койсоңор жакшы болмок»-дейт. Мындай сынды көтөрө албаган ырчы Сайкал, өзүнүн жообун төмөнкүчө билдирди:

«Жаңы ырларды жаңыртып ырдагандын эмнеси жаман? Азыркы өспүрүм жаштарга да ушундай сонун ырлар бар экенин жеткире билишибиз керек. Эски ырлар ырдалбай калбашы керек. Кыска ойлобоңуз урматтуу бир тууганым. Жаңы ырлар толтура, анан дагы ырчылардын багы ачылып жүрөт дегениңер туура эмес. Ар бир ырды жеткире ырдаган ырчыны да сыйлай жүрүү керек!»-дейт ырчы айым.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу