Сайкал Садыбакасованын күйөөсү Максат мурдагы сүйгөнүнө ачык кат жазды…

Алып баруучу Максат Довранов акыркы убакта кимдир бирөөнү сагынып күтүп жүргөндөй. Кечээ ал социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган. Көрсө мурдагы сүйлөшкөн кызы Айбийкени көрүп эстен танып, эски сезимдери козголгон сыяктуу.

Айбийке турмушка чыгып боюнда бар экени, анын бактылуу экендигин көргөн Максаттын мурдагы сезимдери ойгонуп, качандыр бир убакта таштап кеткен сүйгөнүнө жете албай убара болуп жаткандыгы байкалат.

Текстте ырчы Садыбакасованын жолдошу Максат, «сенде чоң өзгөрүү бар, ал нерсени көрүү мага өтө оор, ошентсе да сага жарашыптыр» деген сөздөрдү жазган.  Кыскасы сүйгөн кызынын ушундай өзгөрүүсүн көргөн Максат мырза эмоциясын жашыра албай сезимдерин ачыкка чыгарган.

Маалыматтарга караганда Максат, мурдагы сүйгөн Айбийке турмушка чыгып кеткенден кийин “специально” белгилүү ырчы Сайкал Садыбакасовага үйлөнүп алгандыгы тар чөйрөдө айтылып жүрөт. Учурда Айбийке кош бойлуу, бактылуу жубай, аз убакта көз жаруу алдында турат, дейт ишенимдүү булактар.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу