Сайкалга «пиар» керек болдубу?

Сайкал менен Максаттын ажырашуусуна чекит койгон Гүлшайыр Садыбакасова  окуяны дүрбөттү деп журналисттерди күнөөлөп чыкты. Өздөрүн пиар кылып жатат деген ойду айтты. Бул жерде: «Ким чындап пиар кылды?»- деген суроо пайда болот. Пиарды Сайкал жасап жатпайбы! Бул болсо атың чыкпаса жер өрттө дегенге туура келип жатат. Мейли, эгерде ички иши болсо анда эмне жарыя салышат? Чындап эле детектив сыяктуу болуп кеткен сюжет болду өзүнчө эле. Биз да жаш үй-бүлөнүн бузулуп кетишин каалабай тургандыгыбызды дагы бир жолу билдиребиз. Бирок, мындай интригалуу маселеде: «Жаш өсүп келе жаткан таланттуу теле алып баруучу  бирөөнүн колунда оюнчук болуп калган жокпу?»,- деген гана күмөн суроо ойлонтпой койбойт. Шоу-бизнес карышкырларынын жеми болуп калбаса экен  жаш жигит…

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу