Сайдулла “квартирант” чиновниктерди текшерели дейт

Жогорку Кеңештин трибунасын керексиз нерсеге пайдаланып,«Атамбаевге эл баатырлыгы берилсин» деген сындуу кошомат демилгелерди көтөрүп, бирөөнүн тапшырмасын аткарып жүргөн Сайдулла Нышанов бул ирет акылына кирип, чиновниктердин үйлөрү өзүнө же аялына жазылбаса, ал жерге жашаганга тыюу салуу керектигин айтты. «Коомчулукта транспорт жана жолдор министринин орун басары пара алганга шектелип кармалганы талкуу жаратууда. Ал жалгыз эмес, андай адамдар көп. Чиновниктер эң кымбат үйлөрдө жашайт, бирок ал турак жайлар чоң атасына же жээнине жазылган. Кымбат автоунааларды айдап жүрүшөт, ал дагы ага жазылган эмес. Чиновниктердин үйлөрү өзүнө же аялына жазылбаса, ал жерге жашаганга тыюу салуу керек. Өзүнө жазылбаган автоунааны айдаганга дагы тыюу салуу шарт» – деди.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу