Садыр Жапаров эркиндикке чыгышы мүмкүн

Сот тарабынан 11 жылга эркинен ажыратылган Садыр Жапаровдун адвокаттары Бишкек
шаардык сотуна кайрылып жатышканын билдик. Бизге жеткен маалыматтарга караганда
Жапаровдун жаза мөөнөтү шаардык сот тарабынан азайтылып, шарттуу кесилиши
мүмкүн экен. Кандай болгон күндө да Жапаровдордун үй бүлөсүнө жеңилдиктер берилсе
экен. Бир тууган агасы, уулу, күйөө балдары да камакта жатканын эске алуу керек го.
Анын үстүнө Эмилбек Каптагаев да Жапаровго карата эч кандай доосу жок экенин
билдирбедиби кеч болсо да. Башкасын мындай коёлу, Садыр мырзаны көпчүлүк адамдар
аяп турушат.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу