Садыр Жапаров эмнеге акталбай калганын аны соттогон судья түшүндүрүп берди

Садыр Жапаров 11,6 жылга эркинен ажыратылган.

Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлүп жаткан шаардык соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы Садыр Жапаров эмнеге акталбаганын парламенттин жалпы жыйынында айтып берди.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Жаңыл Мамбеталыны Жогорку соттун судьялыгына жактыруу маселесин карап жатышат.

Депутат Жанар Акаев жабырлануучу Эмил Каптагаев Садыр Жапаровго доом жок деп жазып бергенине карабай ал эркинен ажыратылганын айтып, «Жапаровду кесип жиберүү адилеттүү деп ойлойсузбу?» деп суроо салды.

Жаңыл Мамбеталы Жапаровго оор кылмыштар коюлганын айтып, аны кыскартып салуу мүмкүн эместигин түшүндүрүп берди.

«Садыр Жапаровго өтө оор кылмыштар боюнча айып коюлган. Жабырлануучу жекече айыптоодон гана баш тартса болот, анын ичинде да өтө оор эмес кылмыш иштери боюнча. Ал эми Жапаровго коюлган айыптар боюнча жабырлануучу баш тартса дагы кылмыш иши кыскарбайт, мыйзамда ошондой көрсөтүлгөн», — деди ал.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 2017-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 11 жыл 6 айга кесилген. Кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Жогорку сот дагы биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөрткөн эмес.

Ал эми Садыр Жапаровдун иши шаардык сотто каралып жатканда Жаңыл Мамбеталы сот коллегиясынын курамында болгон.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу